www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиядан келген кыргызстандыктар коронавирус инфекциясына тест тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде өкмөттөгү брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Кечээ, 17-апрелде 210 жаран чартердик рейс менен Түркиядан учуп келишти. Алардын бардыгы обсервацияга жайгаштырылды, ошондой эле бардыгынан коронавируска анализ алынып, 198 жүргүнчүдөн коронавирустун белгилери жок болуп чыкты. Ал эми калгандарынын жыйынтыгы бүгүн түшкү маалда белгилүү болот “,- деди Үсөнбаев.
Эске салсак, бүгүнкүгө карата өлкө аймагында коронавирус жуктургандардын жалпы саны 506га жетти. Анын ичинде:
Жалал-Абад облусу – 93;
Ош облусу – 140;
Ош шаары – 74;
Чүй облусунда – 28;
Бишкек шаары – 102;
Баткен облусунда – 5;
Нарын облусу – 56;
Ысык-Көл облусунда – 8.
Катталгандардын ичинен – 270и аял, 236сы эркек.
Булак: NazarNews.kg