www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жактоочу Назгүл Сүйүнбаеванын үйүндө мыйзам чегинде уруксат берилген тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Сүйүнбаева — «Женго» каймана аттуу кримавторитет Кадыр Досоновдун жактоочусу. Буга чейин ал издөөгө алынган Досонов УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгына өзү барганын билдирген.
Кийинчерээк Досонов УКМКнын атайын багыттагы жоокерлери тарабынан сабалганын айткан. УКМК бул маалыматты четке каккан.
Андан тышкары Сүйүнбаева жалпыга маалымдоо каражаттарына 10-февралда УКМКнын кызматкерлери үйүндө тинтүү жүргүзүшкөнүн билдирген. Өзүнүн айтымында, УКМКнын кызматкерлери атайын багыттагы жоокерлер жана соттун токтому менен барган.
Сүйүнбаева соттун токтому мыйзамсыз чыгарылганын белгилеген.
Ал эми УКМКнын маалыматында, бардык тергөө иштери соттун уруксаты менен жана жазык - процессуалдык мыйзамдын негизинде жүргүзүлгөндүгү айтылат.
Булак: NazarNews.kg