www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 4-апрелинде, КРнын БШКсы Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука, Тоң жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Бул тууралуу маалыматты КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирди.

Тактап айтканда:

-Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешиндеги депутат М. Ныязбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Ч. Абдумомуновго өткөрүлүп берилди.

-Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айылдык кеңешиндеги депутат Б. Садыков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А. Жумабаевге өткөрүлүп берилди.

- Ысык-Көл облусунун Тоң  районунун Улахол айылдык кеңешиндеги депутат  Т. Кулакунов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Абдразаковага өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл айылдык кеңешиндеги депутат    М. Дуйшекеев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Шейшенбек уулу Аязбекке өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Кочкор  районунун  Кочкор айылдык кеңешиндеги депутат    Р. Абакиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т.Солтонкуловго өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости