www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 19-июнь күнү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин, Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын жана Федералдык Кеңешинин депутаттары, андан тышкары, эки өлкөнүн Өкмөт өкүлдөрү катышат.

Иш-чарада бир катар актуалдуу маселелер каралып, анын ичинде аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташтыктын келечеги, ошондой Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү талкууланат.

Жыйындын алкагында РФ парламенттик делегациясынын башчысы Виктор Заварзин менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакировдун жолугушуусу мерчемделген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости