www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги а «Малик Нурдинов Кашкар менен Сүйүндү көзгө илбей, «Чүкөңөрдү алыс ойногула»-деп койгонбу деген редакцияга келген Жашулан Сейтов аттуу жарандан келген катты жарыя кылганбыз.
Тынып-тынчыбаган, актангандан тажабаган Малик Нурдиновдун тарапташтары кайрадан редакцияга кат жазды.
Толугу менен окурмандарга сунуш кылабыз.
Жашулан Сейтов аттуу милиция кызматкери Ош олусутук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгында жок болуп чыкты жана ардагерлердин арасында да андай аттуу ардегер жок. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
Биз Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ИИОнын ардагерлери коомчулукка расмий кайрылуу менен чыгып жаткандыгыбыздын себеби төмөндөгүчө:
Майдан.kg коомдук саясий жана маданий гезитинин 13.06.218 № 22-санында «Малик Нурдинов Кашкар менен Сүйүндү көзгө илбей, «Чүкөңөрдү алыс ойногула»-деп койгонбу деген аталышта макала жарык көргөн.Ушундай эле аталыштагы маалымат 2018-жылдын 11-июнь күнү «NazarNews.kg» маалымат агеттигинин сайтында да жарыяланган. Бул макаланы ким жөнөткөндүгү туралуу 2018-жылдын 13-июнь күнү «NazarNews.kg» маалымат агенттиги «Малик Нурдинов Кашкар менен Сүйүндү көзгө илбей, бар чүкөңдү алыс ойногула деп койгонбу?» деген аталышта «NazarNews.kg» маалымат агенттигинин редакциясынын почтасына Ош шаарынан Жашулан Сейтов деген жарандан Малик Нурдиновго каршы, Ош ОИИБнин ардагерлери жана кызматкерлери тарабынан жазылган кат келгендиктен биз сайтыбызга жарыялаганбыз деген мааниде жооп жазышкан.
Биз ошол Жашулан Сейтов деген жаран каердин милиция кызматкери же ардагери экендигин тактаган учурда, Жашулан Сейтов аттуу милиция кызматкери Ош олусутук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгында жок болуп чыкты жана ардагерлердин арасында да андай аттуу ардегер жок.
Ошондуктан Майдан.kg коомдук саясий жана маданий гезитинин 13.06.218 № 22-санындагы жана 2018-жылдын 11-июнь күнү «NazarNews.kg» маалымат агеттигинин сайтында жарыяланган «Малик Нурдинов Кашкар менен Сүйүндү көзгө илбей, «Чүкөңөрдү алыс ойногула»-деп койгонбу деген аталыштагы макалада Ош ОИИБнин ардагерлеринин атынан деп биздин атыбыздан таркатылган маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын жана Ош ОИИБнин Араван, Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Чоң-Алай РИИБнин Ош ОИИБнин борбордук аппаратынын жалпысынан 819 ардагери расмий түрдө биз тараптан андай кат жазылбагандыгын билдиребиз.
«Майдан.kg» коомдук саясий жана маданий гезитинин жана «NazarNews.kg» маалымат агеттигинин сайтынын кабарчыларын ушундай каттар барган учурда тактап жарыялоону жана биздин ушул кайрылуубузду өзүңүздөрдүн гезит бетиңиздерге жана сайтыңыздарга жарыялап коюну өтүнөбүз.
Биз ардагерлер Малик Нурдиновдун буга чейинки уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүүдө, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууда чыныгы кесипкөй кызматкер экенин баса белгилөө менен Ош ОИИбнин башчылыгына келген кезден берки жасаган эмгектерине токтоло кетүүнү ылайык көрдүк.
2018-жылдын 19-апрель күнүнөн баштап Ош ОИИБнин начальниги болуп дайындалган Малик Нурдинов ишинин алгачкы күнүнөн баштап өздүк курамга анын ичинде ардагерлердин жашоо шартына көнүл буруп, ар бир райондо жашаган ардагерлердин үй бүлөсүнүн ден соолугуна кам көрсөтүү максатында КРдин медицина кызматынын тажырыйбалуу дарыгерлеринен турган топту дарт аныктоочу аппараттары менен көчмө кароо уштуруп, меициналык кароодон өткөрдү.
Жашоосу оор болгон ардагерлерди жергиликтүү медициналык мекемелерге дарылоого жөнөтүп колдоо көрсөтүп келүүдө. Милиция менен элдин байланышын чындоо элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу боюнча ардагерлердин тажырыйбасын жаш кызматкерлер менен бөлүшүү максатында ар бир райондо ардагерлердин иш бөлмөсүн ачты. Кылмыштын бетин ачуу боюнча ардагерлер менен биргеликте методикалык колдонмолорду даярдай баштады.
Милициянын катарындагы мыйзамсыз көрүнүштөр менен күрөшүүнү күчөттү. Биз ардагерлер Малик Нурдиновду мыйзамды сыйлаган, жетекчилер менен уставдык талаптардын алкагында иш жүргүзгөн билимдүү кызматкер катары билебиз.
Ош ОИИБнин 819 ардагеринин кайрылусун кагазга түшүргөн Ош ОИИБнин ардагерлер Кеңешинин төрагасы Т.Боркошов баш болуп редакцияга кат жолдоп, арыз-муңун ар кайсы тарапка билдирген. Анча болду сотко берип койсо деле болот го, жогорку билимдүү сот тармагын түшүнгөндөрдүн кадамы ушул болсо аман эле болгула.
Баса, ар кайсы тараптан чыгып, "сайыла" бербей сотко берсеңиздер каршылык жок.
Булак: NazarNews.kg