www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Самара, борборго кош келипсиң! Жыл башынан бери эле тынымсыз иштеп жүрөсүң. Чарчаган жоксуңбу?

- Чарчаган жокмун. Жасаган ишиңден ырахат алсаң, эч качан чарчабайсың. Анткени, бул менин кесибим. Концерт бергенден менден эргүү алам. Чыгармачыл инсандар ар дайым эл кызматында. Биздин жумуш мына ушундай. Гастролдоп жүрүп элим, күйөрмандарым менен жакын болуп абдан өзүмө күч топтойм.

- Шоу-бизнесте эң көп талкууланган айымдардын катарын толуктайсың. Бул нерсе сага жагабы?

- Ооба, жагат. Баарынан эл сени унутуп койгон жаман. Жараткан мына ушундан сактасын! Кээ бир адамдар бар аларды эч ким кеп кылбайт. Бар жок экени деле белгисиз... Жакшы, жаман кеп болобу эң башкысы айтылып турсун. Мага жакшы, жаман сөз айткандардын баардыгына ыраазычылык билдирем. Анткени, айрымдары билип айтса, кээ бири билбей айтат. Ошондуктан, мени менен жакындан сүйлөшүп көргөндө балким башка ойдо калышаары толук мүмкүн. Себеби, мен акча эмесмин баарына бирдей жага тургандай. Сөз, кеп боло берет. Мен болсо чыгармачылыгымды улантып, жаңы ийгликтерди багынтууга аракетимди кыла берем.

- Сенин жеке жашооңо байланышкан кептер көп айтылат. Сыр каткан бир нерсең барбы?

 - Жеке жашоом тууралуу кандай гана кептер айтылса да, Кудайга шүгүр кылам. Себеби, мен эң бактылуу айыммын! Көз тийбесин! Азыр жолдошум менен чырактай эки уул, бир кызды тарбиялап жатам. Жолдошум чыгармачылыгымды түшүнгөн, мени ар дайым колдогон, кадырымды билген, барктаган мырза. Жолдошум менен ар дайым сыймыктанам! Бири-бирибизди жакшы түшүнүп, колдоп турабыз. Экөөбүздүн тең чөйрөбүз бир. Ошондуктан, бири-бирибизди толуктап, оюбуз бир жерден чыккан үчүн ийгиликтер жаралып жатат деп эсептейм. Сыр ката турган эч нерсем деле жок. Күйөрмандарымдан эч качан бир нерсени жашыргым келбейт.

- Социалдык тармактагы жагымсыз пикирлерди жазган хейтерлерге кандай чара колдоносуң?

- Эч кандай чара колдонбойм. Бардык социалдык баракчаларымда менин күйөрмандарым топтолгон. Алар эч качан мен жөнүндө жаман нерселерди жазышпайт. Дайыма жакшы ой, каалоо-тилектерин билдирип турушат. Ал эми мага жаман комментарийлерди калтырган баракчаларга кирип карасам жаңы катталган же сүрөтү жок колдонуучу болуп чыга келет. Мүмкүн ал мени тааныган, айланамда жүргөн, менин чайымды ичкен эле адамдар болушу керек. Себеби, мен андай адамдардан билем. Тутулуп калган учурларым да болгон. Бирок, аларды мен эч качан жар салып айткан эмесмин. Баштагыдай эле сый-мамиле кылып, той кылса тоюна барып, чайга чакырса чайын ичип эле жүрөм. Өзүнүн атынан жазгандан уялып, фейк баракчаларды ачып менин бетиме келип айта албаганын жаза бергендерди жакшы түшүнөм. Бул пендечилик деп билем. Пенде болгондон кийин кээде билип кылсак, кээде билбей же атайын кылабыз. Ошондуктан, Кудай ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман берсин!

- Сахнадагы Самара менен үйдөгү Самаранын айырмачылыгы эмнеде?

 - Сахнада мен ырдап, ар бир эмгегимди тартуулап, элдин жүрөгүнөн орун алайын деген ырчы кызмын. Үйдө мээримдүү эне, сүйүктүү жармын. Бир үй-бүлөнүн түтүнүн булатып жаткан кожейкемин. Абдан сыймыктанам! Ар бир айымга жакшы жубай, мыкты эне болушун каалайм. Себеби, жашоодо ар бир аялзатынын орду үй-бүлөдө.

Аэлита Сатындиева

Булак: Майдан.кж

Последние новости