www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда карантинде турган Diamond Princess круиздик лайнеринин ичиндеги коронавирусту жуктурган жүргүнчүлөрдүн арасында кыргыз жараны да бар болуп чыкты. Бул тууралуу World of Cruising басылмасы билдирүүдө.

Маалыматка караганда, жүргүнчүлөрдүн дагы 67си коронавирусту жуктуруп алганы аныкталган. Муну менен круиздик лайнердеги вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 454 кишини түзөт.

Ошондой эле, лайнерде казактын төрт жараны да бар. Алар эки аял жана эки бала. Бул маалыматты Казакстандын ТИМи маалымдаган.

“Круиздик лайнерде казакстандык эки аял жана 8, 12 жаштагы балдар бар. Алар өздөрүн жакшы сезип жатат. Аларга керектүү медициналык жардамдын баары көрсөтүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бортунда 3700 кишиси бар Diamond Princess круиздик лайнери бир нече күндөн бери Японияда карантинде турат. Лайнер 20-январда Япониянын Йокогама шаарынан чыгып, Япониянын бир нече шаарларынын, Гонконгдун жана Вьетнамдын портторуна кирип, 3-февралда кайрылып келген. Гонконгдо түшүп калган жүргүнчү коронавирусту жуктуруп алганы билинип, кеме карантинге алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости