www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Крым көпүрөсү качан калыбына келтирилери айтылды

Крым көпүрөсүн бир айдын ичинде калыбына келтирсе болот. Учурда жардыруудан улам көпүрөнүн тирөөчтөрү жарым-жартылай жабыркап, буга чейин визуалдык түрдө көрүнбөгөндүгү кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын Транспорт жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Андрей Колесник билдирди.

«Көпүрөнү калыбына келтирүү темпи бир топ жогору. Азыр эң негизгиси аман калган участоктор аркылуу өтүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу. Бирок жалпысынан реставрацияга техникабыз, адамдарыбыз жетиштүү. Менимче, бир жарым ай дагы эле аны чечүүгө туура келет - баары бир, тирөөчтөр жарым-жартылай бузулган, бул мурун көзгө көрүнгөн эмес, анткени алардын көпчүлүгү суу астында", - деди саясатчы.

Парламентарий ошондой эле көпүрөнү коргоо жана мүмкүн болуучу окуялардын алдын алуу боюнча жыйынтык чыгаруу керектигин баса белгиледи.

Эске салсак, 8-октябрь күнү таң атпай Крым көпүрөсүнүн бир бөлүгүндө жүк ташуучу автоунаа жардырылып, анын кесепетинен күйүүчү майды темир жол аркылуу ташыган жети цистерна өрттөнгөн. Жарылуунун кесепетинен Краснодар жана Керчь шаарларын бириктирген жолдун бир бөлүгү ураган. Учурда көпүрөдө темир жол, автоунаа кыймылы жанданды. Тергөөчүлөр жардырылган автоунаага Краснодар крайынын тургуну ээлик кыларын аныкташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан жүк ташыган автоунаанын жанында бараткан жеңил машинанын үч жүргүнчүсү көз жумган.

Орусия лидери Владимир Путин да жардырууну теракт деп сыпаттап, көпүрөдөгү жардыруу Украинанын атайын кызматынын буйрутмасы менен ишке ашканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости