www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДП фракциясынын Муктар Айнакулов деген депутаты бар. Кезинде Атамбаев менен “Машина куруучу заводдо” чогуу иштеген. Бул депутаттын ЖКда активдүүлүгү аз. Бирок мындай чыкканда адамдар менен сүйлөшсө, укмуш эле бакылдайт. Мекенчилдик, тазалык, иштермандык тууралуу сүйлөсө оңой менен алдына киши чыгарбайт.
Бирок эл көзүнө андай көрүнгөнү менен анын колуна кол, бутуна бут болгон жардамчысы Кубан Токтосунов деген “мыйзамдагы ууру” Улан Токтосуновдун бир тууганы болуп чыкты. Анын жанынан депутаттын Жардамчысы деген күбөлүк чыккан. Күбөлүк 2020-жылга чейин жарактуу болуп эсептелген. Ошол депутаттын жардамчысы Кубан аз күн мурун кылмышка шектелип камакка алынды.
Булак: “Багыт”