www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мурунку мэри, дагы көп мекемелердин мурунку чоңу Кубанычбек Кулматов аны камоо боюнча райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Эки күн мурун Кулматовдун ал өтүнүчүн карап эки соттун чечимдерин күчүндө калтырды, Кулматов 28-августка чейин камакта кала турган болду. Жеп-ичкендер шашпай жешет, шашпай жатып сиңирет, анан шеги билинип суракка алынса же камалса, айласы алты түгөнүп, арызданбаган жери калбай, “аппак” экенин кайра-кайра айтып карганышат.
А чындык деген бироо эле, жегениң чын болсо, эч качан, эч кайда кутула албайсың! Толгон коррупционерлер ушул Улуу чындыкты билгиси келбей, жаналакетке түшөт. Эй, коррупционерим, сен ары-бери чабьшба, убара тартпа, андан көрө түрмөгө ылайыктуу кийим – сийимиңди камда, Төлөгөн Касымбековдун “Адам болгум келет” деген сыяктуу китептерден калың ал, “Манасты” ал… “Агындыларды” ал… аларды окуп жата бер, анан кудай буюрган күнү бошонуп келесиң. Жогорудагы айткандар, Кулматовго жана ага окшогондого багышталды…
Булак: “Багыт”