www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда жакшы сөз бар «айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» деген. КСДПнын өткөн жумада тар чөйрөдө өткөн чогулушу (съезд дегенге ооз барбайт), экс-президенттин -ичкүптүсү, анысын КТРК кайра-кайра толук бериши «азаптуу» (многострадальный) Кыргызстандын үстүнөн даты да кара булут айлана баштаганынан кабар берет. Деги биз кыргыздар иттей ыркырашкан, ит тартыш абалдан чыгып, чеги жок интригалардан кутулуп, бир түндүктүн астына биригип, экономиканы оңдогонго качан билек түрө киришебиз?

Кыргызстандын саясый аренасында Крыловдун «Лебедь, щука и рак» тамсилиндегидей үч саясый борбор түзүлгөнү аз келгенсип, бута чейин «стихиялуу болуп баштады» деген түкшүмөлдөр ачыкка чыгып, экс президент менен аракеттеги ажонун тиреши ачыкка чыгып, ал айыгышкан стадияга өтөрүнө аз калганы далилденди. Эң кооптуу жагы – бул процесс барып-барып өлкөнү чоң саясый кризиске такай тургандыгында… Дагы бир өкүнүчтүү жагы, эзелки достордун достугу жарым жыл өтпөй бузула баштаганы.

Саясый илимде «конфликтология» деген багыт бар. Ага ылайык: саясый конфликт бийликке жетүү же аны кайра бөлүштүрүү менен өздөрүнүн коомдогу абалын өзгөртүү же мурдагы таасирин кайтаруу, өз кызыкчылыктарын жана максаттарын ишке ашырууну көздөп, каршьшашууга барган саясат субъектилеринин кагылышуусу. Конфликт жаралганга чейин бир катар стадияларды басып өтөт. Биздеги бийлик кумары, нысапсыздык ал стадияларды өтө тездеткенин байкоого болот.

Атаганат, экс-ажо президенттикке чейинки өзү басып өткөн таш жол, тайгак кечүүлөрүн, канчалаган азуулуулар «ажо болом» деп боло албай, ал тарыхый миссия ага буюрганын, башкысы: революциянын аркасы менен бийликке келип, чоң саясатта татыктуу оюнчу катары ар кандай ыкмалар менен өлкөдө саясый стабилдүүлүктү камсыздап, тактыны ишенимдүү колго өткөрүп бергенин (чынында бул жагынан эки качкын президенттер А.Атамбаевге суктанарын), эми өлкө жаңы бийликтин жетекчилигинде токтолбой, буйдалбай алга жылуусу керектигин жана башка факторлорду эске алып, калган өмүрүн Дэн Сяопиндей даанышмандык менен четте туруп, кеп-кеңешин берип, досунун колу-жолун бош коюп, жаңы хансарайында өткөрсө кана?!

Тилекке каршы, анткендин ордуна А. Атамбаев өзү үчүн да, өлкө үчүн да кооптуу жолго түшүп алды. Бул жерден анчалык чукул чыгып, жандай чаап тизгин талашып президентке айбат көрсөткөндөй эмне болуп кетти? Анткидей азырынча Сооронбай Жээнбеков одоно ката кетире элек болчу. Деги эле Жээнбековдор династиясы жакшьшыкты унутуп, «Шералы хандын» жолун жолдоп бетбактыкка барчулардан эмес эле да. Ошол эле Асылбек Жээнбеков агасы премьер-министр болгондо спикерликтен кеткен. Агасы президент болгондо алгач «саясый партия түзөт экен» деген айың тараса да, дал ошол экс-ажону, анан КСДПны сыйлаганынан ал оюнан кайткандай болду.

Жок эле дегенде А.Атамбаев: «Мен саясый стабилдүүлүктү камсыз кьшып туруп бийликти өткөрүп бердим, андай шартта экономиканы көтөрсө болот эле. Андай болбой калды» деп эки же үч жылдан кийин чыкса, албетте, жарашмак. Тышкы карыз кызыл чектен ашып, аны төлөө боюнча эң татаал жылдар келип калган, дүйнөдө ири державалардын тиреши, таасир талашы күчөп, экономикабыз мажирөө болуп, коррупция коркунучтуу чекке жетип, калктын жумушка жарамдуу бөлүгүнүн басымдуусу четке агылуусу токтомок тургай күчөп, демографиялык жактан дүйнөнү сестентип турган коңшу өлкөнүн тынч экспанциясы туш тарабынан кысып келаткан азыркыдай шартта үлкөндөрдүн ыркырашуусу, таасир талашы мамлекет кызыкчьшыгына каршы келет жана бул нукта кете берсе өлкө коопсуздугун жарга такайт. Анын 31-марттагы съездден кийинки журналистерге билдирүүсүнөн мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн ошондой кадамга барганынан күмөнүм бар. Тескерисинче, бул жолу жарма таарынычтын деңгээлинде чыгып алып, беделин түшүрүп алды окшойт. Улан Исраилов жакшы иштеп жатыптыр, көрсөткүчтөрү жакшы экен, кыскасы, күч түзүмдөрү идиректүү жигиттердйн колунда экен. Сапар Исаков жаш, ага убакыт бериш керек экен (ТВЕА, «Лигласс» фирмаларынан кулагы чыгып жатса, «Таза коом», «Акылдуу шаар» долбоорлору Акүйдөн ылдый жерге түшпөй жатса да).

А ушундай эле шартта Сооронбай Жээнбековго убакыт берсе болбойбу? Атамбаевдин бул кадамы «күч түзүмдөрүн мыкчып турган менин балдарыма тийишпе, премьерге тиш салба, өз ордунду биле жүр» деген эле ишарат болду. Эчтеке боло электе «президенттин инисинин таасири артып баратат» деп коңгуроо кагып, «анын арты коомдо түшүнбөстүктү жаратат» деп айгай салуу менен экс-ажо Жээнбековдордун кенжеси тизгинин тартпаса, жаңы гана бүгөлүп бараткан түндүк-түштүк жаракасына шынаа кагып ийерин кыйытты. Билгенге бул өтө опурталдуу кадам. КСДП сүрөп, жеңишке жеткен жаңы шайланган президентти бир жыл иштей электе бийлик партиясынын атынан, а түпкүлүгүндө тар кландык кызыкчылыкты көздөп, жатун тороп чыгуу коомдо көп суроолорго жем таштап койду. 2010-жылы парламенттик шайлоодо Роза Отунбаева менен Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн «түштүктөн кантип өтөбүз» деп көздөрү жаддырап турганда дал ушул Жзэнбековдор бел болуп бергенин эстегилери келишпейби?

Ошентип, КСДПнын масштабдуу программасы бар чоң саясый күч экенине күмөн жаралды. Эми жакында далай үзөңгүлөш, партиялаштар (КСДП бийлик партиясы болуудан калганына көздөрү жетери менен) адатынча бийлик кимде болсо ошол тарапка өтө качып «саясый төркүнү» батгон партияга сокку уруудан кайра тартышпайт. Эгер Сооронбай Жээнбеков эски досуна өзүнө жараша жооп кылса (эгер кыла алса) кылчайнашкан кырдаал жаралып, өлкө бир заматта саясый кризиске кептелүүтобокелдиги бар.

Эми эки ажонун башын жуткан, эки ажону акырын узаткан «тажрыйбалуу сүмбүлдөр» Сооронбай Жээнбековдун этегин баса отурушуп, былгытмай оюндарын баштап, Атамбаев менен кайраштырып, бир шойкомду баштап, аны интригалардан башын чыгарбай салышы да мүмкүн. Анда эле Атамбаев «мен айтпадым беле» деп саясый аренадагы эң легитимдүү оппозиционерге айланып чыга келиши мүмкүн.

«Ишенген кожоң сууга акса, алды алдынан тал карма» дегендей, эми кыргыз коому, анын прогрессивдүү бөлүгү горизонттон таза, ары элге үмүт бере ала турган оппозициялык саясый күчтү издөөгө аргасыз. Стабилдүүлүк орногон акыркы алты жылда бийликтин баардык бутактарын мыкчып туруп, экономиканы эптей албаган, «Лигласс», ТВЕА сыяктуу кытай компанияларынын мандемдүү иштеринде, Бишкек ТЭЦинин тегерегинде коррупциялык иштерде мүчөлөрүнүн «кулактары» чыгьш жаткан КСДП оппозициянын туусун көтөрүп чыгууга моралдык жактан укугу барбы?

Элди бир алдаса, эки алдаса болот, үчүнчүсүндө мүдүрүлөт, эл өз жообун айтат. Ал жооп коп маселеге чекит коюшу мүмкүн.

Булак: ”Азия Ньюс”

Последние новости