www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш күчөтүлө турганын, коррупция деген нерсе мамлекеттин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген эң кооптуу, коркунучтуу нерсе экенин билдирген. Бул күрөштүн башында өзү тураарын жана аны менен күрөшүүгө эрки жете турганын да билгилеген.
Ошондон бери карай чындыгында эле бул багыттагы иш-аракеттер күчүнө кире баштаганы билинди. Укук коргоо, сот, көзөмөл органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, аларга чара көрүү багытында алгылыктуу иштер жасала баштады.
Бирок, бир маселе коомчулуктун көңүл борборунда турат. А. Атамбаевдин убагында «серый кардиналга» айланган шоопуру Икрам Илмияновго мына ушул коррупцияга каршы күрөштүн укуругу жетеби деген. Тээ 2012-2013-жылдардан тарта эле И. Илмияновдун кадр маселесине да, финансы маселелерине кийлигишип калганы тууралуу эл арасында кеп кеткен. Алтургай КСДПнын айрым мүчөлөрү, Илмияновдун өзүнүн айылдаштары да «Атамбаевге адамдарды алып кирген да, кайра алып чыккан да Икрам болуп калыптыр» деп айта башташкан.
Ошол 2013-жылы Баткен облусунун аймагында «Төрт-Күл» суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн жарымысынан ашууну Тажикстанга сатылып кетип жатканын да жергиликтүү тургундар айтып, кыйкырып чыгышкан. Бул маселе боюнча алар И. Илмияновго да кайрылышкан экен. Бирок, ал эмнегедир жердештеринин бул суроосуна жооп бербей койгон. Демек, ал сууну сатууда анын да үлүшү болгонбу деген суроо туулат.
2013-жылы 18-ноябрда Лейлек районунун Катран айылынан анча алыс эмес жердеги Алмалуу тоосунда жайгашкан «Апрельдик» деп аталган кен чыгуучу жайдын ишмердүүлүгүнө жергиликтүү эл нааразычылыгын билдиришкен. Ал жерде россиялык A.Z. International компаниясы иштеген. Митингчилер айыл өкмөтү жана район акиминен кенди иштетүүнү токтотууну талап кылышкан. Себеби, алтынды иштетүүдө техникалык жана технологиялык нормалар сакталбай, Козу-Булан дарыясына химикаттар терс таасирин тийгизип атканын айтышкан. Анын айынан акыркы айларда жергиликтүү элдин саламаттыгы начарлап баратканын билдиришкен.Тилекке каршы жергиликтүү бийлик митингчилердин талаптарына тиешелүү деңгээлде көңүл бурган эмес. Мына ушул кенди иштетүүгө ошол убакта КР президенттик аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп турган И. Илмияновдун да катыштыгы бар экендиги айтылган.
Айтор, И. Илмияновдун шоопурлуктан түз эле чиновниктик креслого барып отурушу, президенттин эң башкы кеңешчисине айланганы, өлкөдөгү маанилүү маселелерди чечүүдө чечүүчү ролду ойноп калганы элге жаккан эмес. Анын үстүнө Мурдагы шоопурдун бат эле байый баштаганы да көп суроолорду жарата баштаган.
Анын 2016-жылга карата толтурган декларациясы боюнча бир жылдагы тапкан кирешеси болгону 316 миң сом болгон. Канча короткону көрсөтүлгөн эмес. Ал эми мүлктөрү - 90 чарчы метр аянттагы үй, 1992-жылы чыгарылган ОДА 39370 автоприцеп, 1992-жылы чыгарылган МАЗ 354323 жүк ташуучу унаасы, 1984-жылы чыгарылган «Мазда 929» жеңил автоунаасы, 1986-жылы чыгарылган «Даймлер-Бенц 200» жеңил автоунаасы өзүнө катталган.
Ал эми жакындарына катталган мүлктөрү - 16,5 чарчы метрлүү автоунаа токтотуучу жай, 143 чарчы метрлүү батир, 1993-жылы чыгарылган «МАН» жүк ташуучу унаасы.
Булар анын өзүнө жана жакындарына катталган деп өзү көрсөткөн гана мүлктөрү. Бирок, аны жакшы билгендер, мындан сырткары дагы толтура мүлктөрү бар экенин билишет. Мисалы, жогоруда көрсөтүлгөн мүлктөрдүн арасында эмнегедир Илмиянов өзү каттап жүргөн кымбат баалуу автоунаасы көрсөтүлгөн эмес. Бул эмнени каңкуулайт? Чыныгы мүлктөрүн жашырганынан кабар берет.
Ал Атамбаевдин алты жылдык мөөнөтүндө өлкөбүздөгү алтын кендерин, көмүр кендеринен бери карай басып алганы да айтылып келет. Мунун баары жөн эле айтылган кеп эмес. Ошондо тоо-таштан бери менчигине басып алган, алты жылда катардагы шоопурдан олигархка айланган Илмияновго коррупцияга каршы күрөштүн укуругу жетеби деген суроо орундуу болуп турат.
Булак: NazarNews.kg