www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы 9-кызматтын зардалы болуп Токтосун Сабыров дайындалды. Буга чейин 4-апрелде 9-кызматтын мурдагы зардалы, ага чейин экс-президент А. Атамбаевдин жансакчысы болуп жүргөн Дамир Мусакеев 4-апрелде өз арызы менен кызматтан кеткен.
Ошентип мамлекеттин биринчи адамдарынын коопсуздугун камсыз кыла турган жана стратегиялык обьекттерди кайтара турган кызматка жаш, тажрыбасы мол, татыктуу жетекчи дайындалды. Т. Сабыров учурда 46 жашта. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген.
1989-1994-жылдары СССРдин 50-жылдыгы атындагы КМУнун юридикалык факультетинде билим алган.
1995-1997-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин алдындагы кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу Институтунун экономика факультетинде билим алган.
1998-1999-2001-жылдары АКШнын атайын окутуу-машыктыруучу антитеррордук борборунда, Франциянын атайын багыттагы күчтүн окутуу-машыктыруучу борборунда, Россиянын ФСБсынын атайын факультетинде кошумча билим алган.
1994-жылы эмгек жолун УКМКнын тергөө башкармалыгында иштөө менен баштаган.
1998-2001-жылдары Кыргызстандын атайын кызматынын “Альфа” атайын операция башкармалыгында,
2001-2003-жылдары Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын оперативдүү бөлүмүндө эмгектенген.
2005-2006-жылдары ИИМдин паспорттук жана визалык көзөмөлбашкармалыгында начальниктин орун басары,
2006-2007-жылдары ИИМдин паспорттук жана визалык көзөмөл департаментинде төрага орун басары, 2008-2009-жылдары Миграция боюнча Мамлекеттик комитетте төрага орун басары,
2009-2010-жылдары Эмгек жана миграция министрлигинде министрдин орун басары кызматтарын аркалаган.
2010-жылдан 2016-жылга чейин УКМКда иштөө тажрыйбасы бар. Демек, мамлекеттин биринчи адамдарынын коопсуздугун сактоо жана стратегиялык обьекттерди коргоо милдети ишенимдүү колдо.
Булак: NazarNews.kg