www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП кезексиз жыйын өткөрбөйт

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партия кезексиз жыйын өткөрбөй турганын маалымдады.

Бул маалымат партиянын өкүлү Сагынбек Абдрахманов "партия кезексиз жыйын өткөрүп, күн тартибине партиянын азыркы төрагасы Алмазбек Атамбаевди төрагалыктан кетирүү жана партиянын тизмесинен чыгаруу маселеси коюлат" деп билдирген соң жарыяланды.

- Сагынбек Абдрахманов КСДПнын катарынан 2017-жылдын 9-августунда чыгарылган. Анда ал партиядан бөлүнүп, КСДПдан президенттикке көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине каршы иш-аракеттерди жүргүзгөн, - деди Кундуз Жолдубаева.

Партия тараткан билдирүүдө азыр Сагынбек Абдрахманов үч айдан бери өзүнүн айланасына таарынган партиялаштарды чогултуу аракеттерин көрүп жатканы жазылган.

Сагынбек Абдрахманов өзү "Азаттыкка" бул тууралуу коментарий берүүдөн баш тартты - деп билдирди азаттык агенттиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости