www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээтен бери социалдык тармактарда камакка алынган Сапар Исаков боюнча комуздун коштоосунда ыр коомчулукка жайылды. Аталган ырдын автору, ырдын айрым текстинде туура эмес сөздөр кошулуп калгандыгын айтып, NazarNewsка кайрылды.

Урматтуу окурмандар! Түзүлгөн жагдайда мен түшүндүрүп коюушум керек деп эсептейм. 30-майда Сапар Исаковго арнап, бир пост жаздым эле. Ал посто бир катар “жаргондор” менен ырым жарыяланган. Бул ырдын жаралышына түрмөдө бейкүнөө олтуруп келгеним себепчи болгон. Менин камалышыма дал ушул Сапар Исаков түрткү болгон. Ал ушул жылдын февраль айынын башында, МВД министринен талап кылган “эмне үчүн Ормуков деген неме соттун чечимине карабай боштондукта  жүрөт?” деген сыяктуу. Марттын аягында мен камалып май айында бошоп чыктым. Ошондуктан Исаковго иш козголгондо мен келме-кезек болгон тура деп ыр жазып койдум. 3-июнда Акылбек деген бир жигит мага байланышка чыгып саясий ырларыма обон жазып же күү чыгарып ырдоого кандай карайсыз деп менин уруксатымды алып кеткен. Кайра иштеп өзгөртүп, кошумчалаганга да уруксат бергемин. Учурда айрым окурмандар нааразы болууда ырдагы орой сөздөрдү сынга алышып «п.... хатага» дегенин туура эмес дешүүдө. Экинчиден кечээ жакында эле мени менен чогу түрмөдө олтуруп жакында эркиндикке чыккан досторго да жолуктум. Алар да бир аз нааразы болушууда себеби түрмөдө «п.... хата» деген жок. Дагы бир жагдай братваны «чёрныйлар» деп атаган адам туура эмес сүйлөгөн болот жана “братванын” алдында жооп берип калышы толук мумкун. Себеби братванын тилинде «чёрный» деп наркотик сатып түрмөгө түшкөндөр айтылат. «Чёрныйдын» статусу төмөнкү даражадагылар катары саналат. Ошондуктан ырымдын оригиналында «ЗЭКтер» деп жазылган жана түрмөдө деп айтылган болчу.

Дагы белгилей турган жагдай Исаков УКМКнын абагына камалды. Ал эми ырда көрсөтүлгөн «зона» деген термин СИЗО болуп саналбайт зона деп лагерлер айтылат. Ошондуктан ырымдагы «чёрныйлар», «зона», «петух хата» деген сөздөр ошол менин ырымды кайра иштеп кошумчалап чыккан Алиаскаровго таандык.

Кошумчалай кетсем ырдагы президенттин беш маал намазы да ошол Алиаскаровдун кошулмасы. Азыркы мезгилде жогоруда айткан Акылбек аттуу жигит байланышка чыкпай жок болуп кетти азыр таппай жатам. Алиаскаровду болсо билбейм мен уруксатты Акылбек аркылуу бергем, бирок кайра иштелген версиясы менен тааныша элегимде элге жарыялап жиберишиптир. Азыр комуз менен ырдалып кетти ага каршылыгым жок бирок мени “братвадан” сөзгө тартканы кыйын болду. Ошондуктан азыр Алиаскаровду издеп жатабыз.  Балким тааныгандар болсо сураңыздар эмне себептен менин ырыма «чёрныйлар» деген сөздү кошкон. Ырды жазганым чын, бирок жогоруда айтылган жок сөздөрдү мен жазган эмесмин далил катары айтаарым ырымдын кайра иштелген версиясында автору Алиаскаров деп турат. Демек “братванын” алдында ошол жооптуу!

Сиздерден өтүнүч: Ажону, прокурорлорду каалагандай атап, каалагандай ырдай берсеңер болот. Түрмө тууралуу бирдеме жазаарда жакшылап ойлонуп жазгыла.

Сиздерди урматтап, Темирлан Орумоков.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости