www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө жаңы президентибиз Сооронбай Жээнбеков мамлекетибиздеги жатып ичер жан бактыларга, жемкорлорго, мамлекеттин нечен жылдар бою кашыктап жыйылган мүлкүнө суук колун салышкан арамкорлорго, чет элден келип жаткан инвестицияны кулк эте жеп коюшкан ички душмандарга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүп калайык-калктын колдоп кубаттоосуна ээ болууда. Чындыгында биз напсибизди тыйбай жей берсек кайда барабыз?
Балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги не болот? Элибизде «колуң менен жасаганды моюнуң менен тартасын» деген накыл кеп бекеринен айтылыптырбы! Өз өлкөсүнө кара санашкан коррупционерлер, паракорлор бийликтин кандай гана бутагында болбосун бир күн да отурушпай мыйзам алдында жооп бериши керек. Болбосо ким гана болбосун мамлекеттик бийлик дегениң майлуу жер, бат эле байып кетчү тармак деп жаңылыш түшүнүп алышы мүмкүн.
Мамлекеттин мүлкүн көздүн карегиндей сактап, аны дагы көбөйтүп, товарларыбызды дүйнө жүзүнө экспорттоп казынабызды толтурсак карылардын пенсиясы, майыптардын жөлөк пулу, педагогдор менен даарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлык акылары жогорулап, биздин көчөгө да күн тийбейт беле! Ошондуктан жаңы мамлекет башчысы ички жана тышкы тоскоолдуктарга, бөгөөттөргө карабай тандаган жолунан адашпай коррупцияга каршы күрөштү жайылтышын эл, журт толугу менен колдой турган демилге. Анткени президентибиз өзү ички дүйнөсү таза, артынан жаман сөз ээрчитпеген, ишмер, аруу инсан тура.
Жемкорлукка каршы күрөш ордо калааларыбыз Бишкек менен Ошто гана эмес алыскы аймактарда, атүгүл айыл өкмөттөрү менен чакан шаарчаларда да жүргүзүлүүгө тийиш. Буга акырындап барат окшойбуз. Сиздерге коррупциянын бир ачык айкын мисалы жөнүндө баян этүүнү чечтик. Баткен дубанынын Кадамжай районунда тоо койнунда, абасы атыр жыттуу, алма, алмурут мөмөлөрү мөлтүрөй шагынан ийилген, айтылуу Шаймерден суусунун алабында жайгашкан, кадимки Молдо Нияздын кичи мекени болгон Кызыл-Булак деген татынакай айыл бар. Союздун учурунда бул жер өзүнчө колхоз, «Кадамжай» совхозунун бөлүмү болуп турган. Бул жердин климаты, жанга жагымдуу таза абасы, географиялык жактан жайгашышына авас кылышып, тээ коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстандын аптаптуу өрөөндөрүндө, чөлдө жашашкан замандаштарыбыз эс алганы жана зыяратка келише турган. Анын үстүнө айтылуу Шаймерден эксклавына барчу унаа жолу да ушул айыл аркалуу тоону өрдөй өтөт.
Бир катар окумуштуулардын, адистердин жана дарыгерлердин иликтөөсүнөн соң Союздун учурунда же 1961 — жылы республикалык Кызыл — Булак кургак учук ооруканасы ачылган. Кышы анчейин суук эмес, жайкысын салкын бул керемет өрөөндө Улуу Ата мекендик согушка чейин эле Россиядан 70 түрдүү көчөт алып келип тигилген. Акырындап өскөн бактарында түркүн куштар сайрап, адамдар эс алышып бейиштин төрүндөй эле чөлкөм болчу. Акырындап бул шыпаакана санаторияга айландырылган. Азиз окурманга түшүнүктүү болсун үчүн санатория менен оорукананын айырмасын белгилей кетели. Ооруканада адамдар дарыланышса, санаторияда эс алышат. Оо, СССРдин убагында бул жер айылдагы гана эмес райондогу маданий борборго айланган. Ар тараптан кишилер келишип, концерттер коюлуп, ак халатчандардын маанайы жогору, айлыктары жакшы болчу.
Бул жер гүлдөп турган мезгилде койкалардын саны 300гө жеткирилип, республикабыздын булуң-бурчтарынан, ирегелеш өлкөлөрдөн бери кургак учукка чалдыккандар келишип, дарыланышып, сакайып кетише турган. Жалпы бөлүмдөрдүн, бактардын аянтын кошкондо 17 гектар эле. Айланасы тосулуп, мыкты шыпаакерлер эмгектенишип, бул жерге келип дем алып даарылануу оңойго турбаган. Жалпы даарыгерлик эмгек стажы 47 жылды түзгөн, анын басымдуу бөлүгүн ушул жерде өткөргөн, дасыккан шыпаакер Абдымомун Ахуновдун айтуусунда Кызыл-Булактагы оорукана республикалык мааниге ээ болуп, бардык шарттар түзүлгөн экен. Не деген мыкты врачтар, мээрбан эжелер, кызматкерлер иштеп, карапайым элдин, кеселмандардын алкоосуна, алкыштарына жана ак баталарына арзышпады дейсиз!
Тилекке каршы ошол кездеги жакшы көрүнүштөр тууралуу бүгүн умсунуп, кыжаалат болуп айтууга туура келип жатат. Анткени Кыргызстан эгемендүүлүктү алып, өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгону миңдеген объектилердин катарында бул ооруканага да сук көзүн арткандар көбөйүшүп, эптеп талап-тоноп, талкалап жок кылууну эңсегендер көбөйүштү. Каатчылык, саламаттыкты сактоо тармагындагы реформа деген сасык саясатка жамынышып, акырындап мынчалык чоң аянтты ээлеген шыпаакананы четинен кемирип жей башташты.
2013-жылдын май айында койкалардын саны 100гө дейре кыскартылды. Андан кийин 60 койкага азайды. Анан эле кайдан экени белгисиз, 2015-жылдын февралынан тартып бул жер Кызыл-Кыя райондор аралык кургак учук ооруканасынын Кызыл — Булак бөлүмүнө айланды. Менимче, тескерисинче Кызыл -Кыядагысы мунун филиалы болгондо туура чыкмак. Койкалардын саны дагы 30га азайды.
Аңдадыңызбы окурман, акырындап аста-аста жеп жок кылуунун арааны жүрүп жатты. Илгери 176 адам иштеп келсе, бүгүн 32 гана штат калып отурат. Мындан улам мурдакы саламаттыкты сактоо министри менен жергиликтүү төбөлдөр биригип алышып, эптеп үлкөн оорукананы талкалап жоготуп, четинен сатып жеп туйтунууну ойлошкон экен да деген ойго кетесиң. Же бизде кургак учукка каршы күрөшүүнүн зарылдыгы болбой калдыбы?
Эгерде өткөн кылымдын акыркы жылдарында ооруканада 15 врач, 22 мээрбан эже, 22 санитарка эмгектенишкен болсо, бүгүн алардын саны үч врачка кыскарып, мээрбан эжелер менен санитаркаларды кошкондо 20 гана адам калды. «Бетке айткандын заары жок» дегендей кыйшаңдатпай ачыгын билдире кетели, бул оорукана жайгашкан Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторовдун түздөн түз кийлигишүүсү менен мурдакы 17 гектар аянт азыр 6,8 гектарга кемиди. Же он гектардан ашуун жер тилкеси жең ичинен он сотиги 600 миң сомдон сатылып кетти.
Азыр тосмолор алынып жыйырма чакты адам жаңы тамдарын салып бүтүшүп кирип алышкан. Жамааттын кызматкерлери чыркырашып Баткен областтык сотунда жеңип чыгышкан. Бирок, салынган тамдар ошол бойдон турат. Союздун учурунда асыл максатта тигилген 215 түп эмен жана каштан дарактары тамыры менен омкорулуп кыйылып кетти. Ага Баткен областтык экологиялык инспекциясы уруксат берген экен. Эми ошол жердеги кызматкерлер Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген мындай баалуу дарактарды кыюуга кантип уруксат эткенине таң калып отурабыз.
Имараттарды оңдоого жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүктөн акырындап бузулуп барат. Бир документке кол койдуруу, мөөр бастыруу же даары-дармек, азык-түлүк алуу үчүн күн сайын убара чегип 70 чакырым ыраактагы ооруканага барууга туура келүүдө. Командировкалык чыгымдар төлөнбөйт. Ал эми Кызыл-Кыядагы жетекчилик Кадамжай аймактык ооруканасы менен келишим түзбөгөнүнөн улам, оорулуулар акы төлөп чыгым болушууда. Кургак учукту жуктурушкандар акысыз тейлениши керек болчу.
Былтыр май айында трансформатордун кабели күйүп кеткендиктен кызматкерлер 14 миң сом чогултушуп өздөрүнүн эсебинен оңдотушту. Жакындан бери Кызыл-Кыядагы райондор аралык кургак учук ооруканасынын жетекчиси менен эсепчиси бир миллион сомго жакын акчаны жеп жок кылышканы үчүн кылмыш иши козголуп, азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Биздин ушундай жегичтердин, паракорлордун колуна салып беришкен тийиштүү жетекчилерге нааразыбыз дешет кызматкерлер. Санаторияда көп жылдардан бери күзөтчү болуп иштеген Абдулхамид Полобаев менен кыдырып жүрүп талкаланган, бузулган имараттарды, жердин жең ичинен сатылып келгенин көрүп зээнибиз кейиди.
Учурда мындагы врачтар Абдымомун Ахунов, Инаят Таштанбекова, Асылкан Ганыбаева, кызматкерлер Абдыманнап Тешеев, Жамийла Кулбаева, Айзада Балтаева, Калинса Нурмаматова, Ражап Гапарова жана Шаходат Жороевалар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн тикесинен турушуп, бул уникалдуу оорукананы сактоого бүткүл күч аракетин жумшашууда. Бирок, алар кайрылышкан өкмөттүн Баткен дубанындагы өкүлчүлүгүнөн, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан, саламаттыкты сактоо министрлигинен, фзиатрия улуттук борборунан, Жогорку Кеңештин депутаттары А. Сулайманов менен М. Мадеминовдон, медициналык камсыздандыруу башкармалыгынан оңгулуктуу жооптор алынбай, санаториянын тагдыры кылдын үстүндө, кайдыгерликтин көлөкөсүндө калды.
Ошондуктан эми мындагы шыпаакерлер менен кызматкерлер президент Сооронбай Жээнбековго гана үмүт артышууда. Кантип эле ондогон жылдар бою сакталып келген шыпаакана тонолуп кетсин? Буга укук коргоо органдары да тийиштүү чара көрбөсө болбойт. Санаториянын жерин жең ичинен сатышып туйтунушкан айыл өкмөтүнүн жооптуу жетекчилери мыйзам алдында кылмыштары үчүн жоопко тартылышын талап кылабыз. Ушундай эле кырдаалга кабылышкан Нарындагы оорукананы жергиликтүү калк, активисттер, жаштар сактап калышпады беле. Биз да нечен жылдар бою элди кургак учук оорусунан куткарууга салым кошкон оорукананы сактап калышыбыз керек. Эгерде эле шылуундардын аракети менен талкаланып, сатылып кетсе, биздин адамдык абийирибиз, келечек муундар кечирбейт!
Булак: "Ачык сөз"