www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маявка айыл өкмөтүн Руслан Аалиев көп жылдардан бери башкарып келет. “Түшпөс хан” атка конуп, Бакиевдин, Атамбаевдин учурунан бери айылдагы жерлерди каалашынча ары калчап, бери калчап, чайкоочулук менен иш алып барабы?
Анысы ал дейли. Маявка айыл өкмөтүнө тиешелүү каралбаган жерлерди дыйкандарга ижарага берип, ижара акысын төлөгөндөн кийин аны кайра тартып алмай адаты бар экенин айтып келишет. Шылтоосу “бул жер башка кишиники экен” деп, жалган документтерди көтөрүп чаап, чакчелекей, будуң-чаң чыгарып иймейинен далай дыйкандар жалкып бүтүшүптүр. Бул боюнча биздин редакцияга кайрылгандардын саны арбып келет. Алардын басымдуу бөлүгү ижарага жерди алып, айдатып, буудай, арпа ,беде сээп, эми түшүмүн алууга келгенде айыл өкмөтү баягы “концертин” баштайт имиш. Ушул көйгөй боюнча Руслан эмне деп үн катат? Угууга даярбыз.
Булак: "Азия News"