www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 2-июнда Жогорку сот Сагынбек Абдрахмановдун кассациялык даттануусун карап, Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун Абдрахмановдун доо арызын кароодон баш тартуу жөнүндө чечимин жокко чыгарып, ишти кайрадан тергөө үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөттү.

Соттун мындай чечими КСДП кимге таандык экендиги тууралуу талаш-тартыштар жок дегенде дагы бир жылга созулат дегенди билдирет.

Ошентип, КР Юстиция министрлигинин реестринде КСДП партиясынын лидери Сагынбек Абдрахманов бойдон кала берет. Бирок, анда партиянын документтеринин түп нускасы, мөөрү, уставы жок.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 18-апрелинде Юстиция министрлиги КСДПнын юридикалык тараптарынын реестрине өзгөртүү киргизген. Анда партия лидери Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахманов жазылган. Ал дароо партиянын мөөрү менен акчасын талап кылган. Ошондой эле уюмдун дареги өзгөртүлгөн. Атамбаев сотко да, Башкы прокуратурага да кайрылган. Бирок Сагынбек Абдрахманов бардык соттордун баскычтарынан уткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости