www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев чындап “самозванец” болгону калдыбы? 31-мартка белгиленген КСДП партиясынын курултайына (бирок, курултай эмес, партиянын жөн эле конференциясы болору күтүлүүдө) ММК өкүлдөрү киргизилбей турганы маалым болду.
Мындай маалыматты аталган партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов маалымат булактарынын бирине билдирген. “Курултайга 190 делегат чакырылган. Зал тар болгондуктан алар араң батат. Ошондуктан журналисттер киргизилбейт. Бирок Алмазбек Шаршенович курултай бүтөрү менен маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин бардык суроолоруна жооп берет”, - дептир ал.
Шылтоо деп ушуну айт. Эмне курултай өткөрүш үчүн “Орион” мейманканасынан башка ылайыктуу жай табылбай калыптырбы? Эгерде жакшылап аракет кылышса, курултай ачык-айкын өтүшүн каалашса, табышат болчу. Болгону Ф. Ниязов учурдагы саясий кырдаалды эске алуу менен “сактыкка кордук жок” деген принципти карманып атса керек.
Себеби, эгерде чындап курултай өткөрүлүп, ага жер-жерлерден делегаттар келип, журналисттер да катышса, анда сөзсүз түрдө Бишкек ТЭЦине байланыштуу суроолор да жаамак. Анан ал суроолорго жооп табуу экс-президент А. Атамбаев үчүн кыйын болуп калмак. Мына ошондон улам алар журналисттерден жашырынып алып, чакан жыйын менен эле экс-президент А. Атамбаевди партия төрагалыгына шайлап койгону атышкансыйт.
Ошондо ал бир убакта өзү экс-президент Р. Отунбаеваны “самозванка” деп атаган сыяктуу, партиянын тар курамында төрага болуп шайланган “самозванец” болгону аткан болобу?
Булак: NazarNews.kg