www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Жаз келип, Кыргызстанда кайрадан митингдер боло турганы айрым маалымат каражаттарында кабарланууда. Учурда ызы-чуу салып элди көтөрүүгө негиз барбы?
- Митинг же ызы-чууга эч кандай негиз жок, андан пайда да жок. Президентибиз жакында эл тарабынан шайланып, ишке киришти. Ал киши 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп атап, бул багытта бир катар иштер жүрүүдө. Мен өзүм Чүйдүн Панфилов районунда туулуп, учурда Жайыл районунда жашайм. Бул аймактагы эл тынчтыкты гана каалап, президенттин саясатын колдоого алууда. Азыр бизге эмгек жана тынчтык керек.
- Президентке ар кандай талаптарды койгон митингдер болот деген кептер да айтылууда. Буга канчалык зарылчылык бар?
- Митинг уюштурабыз дегендердин баары кызматсыз калган шылуундар. Мындай адамдар элди бузуп, коомчулукка бүлүк сала турган болсо катуу жазалаш керек. Мен Панфилов жана Жайыл районундагы эл менен, аксакалдар менен тез-тез жолугуп, айылдарга каттап турум. Карапайым калк митингге чыгууга каршы. Кыргызстанга тынчтык керек.
Булак: NazarNews.kg