www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-мартта КСДП фракциясы чукул жыйын өткөрүп, ага азыр бул партиянын штабын жетектеп жаткан Ф. Ниязовдун катышкандыгы жана журналисттер киргизилбей, жабык өтүшү бир топ түкшүмөлдөрдү жаратты. Көпчүлүк анда А. Жээнбековду мандатынан ажыратуу маселеси каралат деп болжошкон.

Ф. Ниязов 5–6 "апрелчини" чогултуп, А. Жээнбековго каршы чыгышын өтүнгөн экен. Бирок алардын М. Мискенбаевден башкасынын бири дагы макул болбой койгон. Ф. Ниязов, Жээнбековду Бакиевдерге салыштырып, элди коркутсак, баары мандатын ажыратууну колдоп кетет деген арам ою үзгүлтүккө учураганы, КСДПнын жыйынына А. Жээнбеков жоон топ депутаттардын коштоосунда кирип келгенде Ф. Ниязов адатынча шыйпаңдап тура калып көрүшөйүн дегенде байкамаксан болуп өтүп кетип, аябай осол болгону, КСДПчы депутаттар Ф. Ниязовдун сунушун колдобой, каршы чыгышканы Ниязов менен анын боссу таасирден ажыраганы да. Депутаттары телефон аркылуу "Эгер, мандат жөнүндө сөз болсо, анда жыйынга катышпайбыз. Кворум түзүп бербейбиз!", — ​дешкени, биз айткандай болот дегендердин күнү бүтүп баратканынан кабар береби?

А. Жапаров

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости