www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сабыр байке, куш келипсиз. Маек-аналитиканы баштайлы. Экс-президент 10 миң киши менен жөө жүрүш баштайм деп атат. Мискенбаев деген экс- депутат жаңы президентти зекип, коркутуп, “иниң Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырып, депутаттыктан кетсин” деп бакылдап, андан барып “Чүй проспектисин Апрель революциясы көчөсү кылып өзгөрткүлө” деп бакылдады эле, депутаттар көз ирмемге жеткизбей, “ляппай” деп, Шабдан баатыр көчөсүн “7-апрель көчөсү” деп өзгөртүп бере салышты. Жаз келип, күн жылышы менен адатыбызча саясат кызып, ушундай түшүнүксүз окуялар көп болуп атат. ЖМКлар бул тууралу ар кандай маалыматтарды жазып, ар кандай ой пикирлер айтылууда. Биз да элден артта калбай, өз окурмандарыбызга түшүндүрмө берип, маек-аналитикабызды жасабайлыбы. Кандай дейсиз?

- “Сөз кезеги келгенде айтпаса сөз атасы өлөт” дейт эмеспи. Албетте айтабыз. Айтпасак да айттырасың да, жакалап болсо да... (күлдүк). Биз, эми, сен экөөбүз -“биз туптуура айтабыз, баарын билебиз!” дегенден алыспыз, бирок ошентсе да, чындыкка жакын маалыматтар менен ой толгоолорубузду элге кызыктуу, кыска-нуска кылып жеткизгенге аракет кылып, “коомчулукка туура сөз жеткизип, сөз эркиндигине салым кошуп, элибизге кызмат өтөп жатабыз” деп, ошонубузга каниет кылып жүрбөйбүзбү. Мени ошол ишке тартып, гезитиңе кайра-кайра чыгарып, мүмкүнчүлүк берип жаткан Нургазы иним сага да чоң рахмат. Эми, бирок саясый аналитикага сүңгүүр алдында элибизди, силердин гезиттин жааматын, жалпы эле баарыбызды кыштан аман-эсен чыгышыбыз менен, Нооруз майрамыбыз менен куттуктагым келет! Анан эми, жогоруда көп суроо берип салдың. Бирден айтчы, кайсынысынан баштайлы. - Мискенбайыптан баштаганда туура эмес болуп калат го. Анын кожоюну, экс-президент Алмаз Шаршенович Атамбаевден (АША) баштайлы, анда. “10 миң киши менен жөө жүрүш жасайм” дегенинен эл чочулагансып турат го? Кандай баа бересиз ушуга? - 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель окуялары тууралуу кеп болгондо эле “Акаевди америка, Бакиевди орустар кетирди” деген кеп айтылат. Кеп чынында алардын кыйгай таасири болгонун танбашыбыз керек. Бирок, ал окуялардын чыгуусуна ошол эле Акаев менен Бакиевдин салымы да зор. Алардын алкы бузулуп, эл итке минип, жакырчылык күч алып, нааразычылык күч албаганда эл көтөрүлөт беле? Эл колдобосо, Феликс Кулов айткандай бир автобуска батып кете турган, ошо кездеги оппозиция бийликти төңкөрө алат беле? Көрдүңөрбү, бул эки окуяда тең элдин ролу чоң. Эл бышып, жетилгенин сезген сырткы күчтөр, таразанын ташы каяка ооп баратканын сезип, ошол жакка тартып коймойу бар экени эл аралык тажырыйбада миң ирет кайталанган, көнүмүш окуя. Мен март, апрель окуяларын элдик көтөрүлүш деп баалап келем. Эл болбосо америкалыктар менен орустарыңдын колунан бок да келмек эмес. Ошондуктан, бул эл козголуп, эки жексурундан кутулган күндөр эскерилип турушун мен колдойм. Бирок эми, биз ошол күндөрдү кандай эскерип атабыз. “Бакиевдин аты кошулуп айтылып калат экен”,- деп 2005-жылдын мартындагы элдик көтөрүлүштү уккусу келбей, АША өзү бийлике келген 2010-жылдын апрелин өзгөчөлөнткөнү туурабы? Буга чейин “Бакиев эчтеке кылган эмес, биз кыйратып жатабыз” деп келди эле... Эми мына көрүп атабыз го (?), кандай кыйратканын. Кытайдын 150 сомдук плоскогубсаларын 600 АКШ долларына же 42 миң сомдон бизге саттырыптыр, Кытайдан 386 млн доллар карыз алып ТЭЦти оңдотсок анын 150 млн доллары ТЭЦке келип, калган 236 млн долларынын дайыны жок, келечек муундун моюнуна карызга илинип, кыргызды кытай алдында “кутулбас куйага” калтырып, тышкы карызыбызды берки экөөнөн кыйын көбөйтүп 5 млрд АКШ долларына жакындатып салыптыр. Кытай менен болгон баардык проектилер ушундай акчанын жарымын жеп алмай проектилер экени күн санап ачылып жатпайбы. Анан кайдагы майрам? Эл үчүн майрам болсо да, АША үчүн майрам эмес. АША ошол эскерүү кү ндү өз пайдасына оодарып, көчүгүн жабыш үчүн, жөө жүрүш кылам деп атат. “Менин жеп ичкич кадрларыма, менин көчүгүмдү калкалачуларыма тийишпегиле, менин тиешем бар сыяктуу коррупциялык иштерди текшербегиле, артымы чукубагыла, коррупция менен күрөшкөндө бизге асылбай, бизден башкалар менен алектенгиле” деп жаңы президентке кыр көрсөтүп, -“жиндилерим көп, жиниме тийсең төө басты кылам” деп Сооронбай Жээнбековду коркутуш үчүн чыгам деп аткандай эле көрүп атам.

Булак: Майдан.кж

Последние новости