www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай жарандарына турмушка чыккан алты келин күйөөсүнөн кордук көргөнүн айтып, 2017-жылы Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборуна кайрылды.

Бул тууралуу аталган кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Кытайдан келген айрым эркектер кыргыз жарандыгын алуу максатында гана жергиликтүү кыз-келиндерге үйлөнгөн учурлар кезигип жатат:

- Кыргызстанда никенин негизинде чет өлкөлүктөргө кыргыз жарандыгын берүү шартын татаалдатуу керек. Кытайдан келген айрым эркектер кыргызстандык кыз-келиндерди сүйбөй эле, жарандык алуу максатында үйлөнүп жаткан фактылар бар.

Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган төрт кытай жаранына кылмыш ишин козгогон. Маалыматка караганда, кытайлыктар Ош облусунун тургундарынын ысымына жазылган паспорт алган. Алардын бири өлгөн адамдын атындагы документти колдонуп жүргөнү белгилүү болгон.

Булак: "azattyk.org"

Последние новости