www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Кыргыз техникалык университетинин (КТУ) кафедра башчысы студенттен 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул кызматка КТУнун студенти кайрылып, мугалим дипломдук иш даярдоо үчүн 20 миң сом талап кылып жатканын билдирген. Бул арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу” беренеси боюнча иш козголгон. 4-июнда болсо ал ыкчам издөө иштеринин натыйжасында студенттен пара алып жаткан учурда кармалды.

Финполиция студенттерге мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары боюнча арыз менен кайрылууга чакырды - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости