www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанын Элдик бийлик улуттук ассамблеясынын депутаттары бир жыныстуу никеге уруксат берген жаңы Үй-бүлө кодексинин долбоорун жактырышты. Бул тууралуу өкмөттүк Granma гезити билдирди.
Кодекстин 25-версиясынын долбоору парламенттин сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, ар бир адам өзүнүн инсандыгын эркин өнүктүрүүгө укуктуу жана өзүнүн жашоо жолун өзү тандашы керек.
«Үй-бүлө деңгээлинде кодекс жардамчы репродуктивдүү технология аркылуу никеге, чогуу жашоого, асырап алууга, энеликке жана ата болууга жетүү үчүн гетеросексуализм талабын алып салууну колдойт», - деп айтылат долбоордо.
Ошол эле учурда кодекстин долбоору бир жыныстуу жубайлар репродуктологдордун кызматынан пайдаланып, баланы өз балдарындай тарбиялай баштаган жана анын биологиялык ата-энеси ага укук алгысы келген жагдайды жөнгө салат. Мында мыйзам чыгаруучулар “көп ата-энелик” түшүнүгүн киргизүүнү, башкача айтканда, ата-энелик укуктарды биологиялык да, мыйзамдуу да ата-энелерге берүүгө уруксат этүүнү сунушташты.
Ассамблея Кубанын жарандарынын жардамы менен кодекстин долбоорун иштеп чыккан. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан апрель айына чейин депутаттар дээрлик 80 миң консультация өткөрүшүп, аларга 8,5 миллиондон ашык кубалыктар катышкан.
Кодекстин жаңы редакциясы 25-сентябрдагы жалпы элдик референдумга чыгарылат. Демилгени шайлоочулардын 50%дан ашыгы колдосо, анда жаңы Үй-бүлө кодекси күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg