www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир мамлекеттин улуттук энциклопедиясы бар, буга мамлекеттен наам, даража, сыйлык алгандар кирет. Биздеги улуттук энциклопедия 2007-жылы басыла баштады, 2016-жылы бүттү. 9 том (тогуз жылда бүттү). Тарыхыбызда из калтырган инсандар, генералдар, илимдин докторлору, депутаттар, “эмгеги сиңгендер”, “эл артисттер”, министирлер жана дагы аты чыккандар алфавиттин иретинде киришти. Албетте, премьер-министирлер менен президенттер бар, бирок эч белгилүү адам кирбей калыптыр (өтө белгилүү, абдан белгилүү десек да болот). Четте калышты. Бирөөсү мурунку президент, экинчиси аттын кашкасындай таанылган инсан, үчүнчүсү болсо учурдагы президент. Тазбайматтын таасири биз үчүн түбөлүктүү окшойт (миң жылдан бери коштоп эле келетат). Бул факт. Текшерип көргүлө.
Алмазбек Атамбаев (1956-жылы туулган)
Кыргызстандын үчүнчү президенти (жалпы элдин шайлоосунан өткөн жетекчи) - 6 жыл өлкөнү башкарды (2011-2017). Энциклопедияда буга орун табылбаптыр. Алфавит боюнча биринчи томго кирмек. Атаманова Ольга Викторовна деген илимдин доктору бар, андан кийин Атамкулова Калемкаш деген эл артисти. Экөөнүн ортосунда турмак (энциклопедиянын биринчи томундагы 581 бетти карагыла). Жок. Бул том 2016-жылы басмадан чыкты (Атамбаев президент болгон учур). Кызык бекен. “Не то слово”. Балким, түзүүчүлөр адашып, башка тамгага жазгандыр десеңер, ар бир томду башынан аягына чейин “внимательно” карагыла. Тапсаң сүйүнчүлө. Мындай энциклопедия жыл сайын чыкпайт, бул 25 жылда бир чыга турган эмгек, демек кийинки чыгарылышы 2050-жылда болот, демек Тазбайматтын кемтигин ошондо толтурабыз. Ага чейин таңгалып туралы.
Сатыбалды Жээнбеков (1952-1996)
Бул маркумдун ким экенин айтпай койсок да жетиштүү, себеби элдин эсенде калган инсан - диктор, улуттук телерадиокомпаниянын эгемендүү доорундагы биринчи жетекчи, 1995-жылы Жогорку Кенешке депутат болуп келген, өлкөбүздөгү демократиялык кыймылдын лидерлеринин бири. Баа жеткис эле адам, бирок буга энциклопедиядан орун тийбеди. Жээнбаев Хасан бар (1937-жылы кыргыз компартиянын экинчи секретары болуп шайланып, ошол эле жылы атылып кеткен). Жээнчороева Розалия деген академик бар. Ушул катарда Жээнбеков Сатыбалды туруш керек эле. Жок. Эмне дейбиз - дагы бир жолу Тазбайматтын мурасы.
Жээнбеков Сооронбай (1958-жылы туулган)
Кыргызстандын төртүнчү президенти (2017-жылы шайланды). Буга чейин Жогорку Кенешке депутат болгон (1995-жылы Эл өкүлдөр жыйынына шайланган), 2010-жылы Ош облусунда губернатор, андан кийин премьер-министр. Энциклопедиянын үчүнчү тому 2011-жылы чыкты, демек ошол кездеги губернаторлорду билип, баарысын китепке киргизишкен, бир эле Оштун губернаторуна орун жетпей калыптыр. Үчүнчү томго кирмек, Сатыбалды менен катарлаш турмак. Турбады. “Кантип эле, кудай урбадыбы эми” деп таңгалсаңар, дагы бир жолу томдордун баарынан президенттин ысымын “очень внимательно” издеп чыккыла (может, алфавиттин башка жеринде деп). Таппайсыңар. Эми бул үчүнчү иреттеги Тазбайматтын жоругун кандай кылмак элек. “Правильно”, кезектеги (2050-жылы басыла турган) энциклопедияга киргизебиз да. Ага чейин Википедиядан окуп турабыз.
Калган президенттер жөнүндө кандай экен десеңер, мындай. Биринчи президент Аскар Акаев энциклопедиядан орунду кеңири эле алды (1 том, с.206). Экинчи президент Курманбек Бакиев да энциклопедияда бар, “обстоятельный” түрдө жазылды (2 том, с. 34-35). Президент болгон эмес, бирок экс-президент деген наамды алып, өлкөнү 1,5 жыл башкарган (2010-2011) Роза Отунбаева да улуттук энциклопедияга кирди (5 том, с. 748).
“Вот такие дела”. Мындай нерселер "только" бизде, себеби башка элдердин тарыхында Тазбаймат деген “персонаж” эч качан болгон эмес. Россиянын энциклопедиясынан кантип эле эки президентке (Горбачев менен Путинге) орун жетпей калмак эле. “Вы что”, түшкө да кирбейт. “Только” бизде, “только” кыргыздардын каарманы Манасты санаймын деп, “просто” унутуп калган. Ничего, 2050-жылы энциклопедиялык каталарыбызды оңдоп эле коебуз.
Катылган чындыкты ачыкка чыгарып, Тазбмайттын бетин ачып жазган филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиев.
Булактар:
Кыргызстан. Улуттук энциклопедия: 1-том. - Бишкек, 2016. - 688 с. (с.206, с.581)
Кыргызстан. Улуттук энциклопедия: 2-том. - Бишкек, 2007. - 808 с. (с. 34-35)
Кыргызстан. Улуттук энциклопедия: 3-том. - Бишкек, 2011. - 784 с. (с. 448)
Булак: NazarNews.kg