www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө. Премьер-министрлик кызматына талапкер Кубатбек Боронов өкмөттүн курамы өзгөрбөгөнүн айтты.

"Өкмөттүн курамы өзгөргөн жок. Өзүнүн берген арызына байланыштуу өкмөттүн аппарат жетекчиси кетти. Анын ордуна Таалайбек Темиралиев. Ал 6 жыл чогуу иштегенбиз, ӨКМда статс-катчы болуп иштеген. Дастан Догоевдун ордуна Алтынбек Исмаиловдун талапкерлиги каралып жатат", - деди ал.

Боронов мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы тууралуу пикирин айтты

"Мухаммедкалый Абылгазиев саясий чечим кабыл алды. Учурдан пайдаланып анын келечектеги иштерине ийгилик каалайбыз. Мага ишеним көрсөтүп, талапкерлигимди колдоп жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем. Саясий өмүр жолум элдин көз алдында жана сыноосунда болуп келди. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде сунушталган "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу боюнча пландарды жакшы билебиз. Ушул багытта иш алып барабыз", - деди ал.

Эске сала кетсек, Көпчүлүк коалициянын курамында КСДП, "Республика — Ата Журт", "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары бар.

Кечээ, 15-июнда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости