www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- 7-апрелде Мээрбек Мискенбаев баштаган апрелчилер 10 миңадамдын катышуусунда митинг өткөрүшөт экен. Анда үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жол жок сыяктуу плакаттарды илипалышат деп атышат. Ушундай митингдердин бизге кереги барбы?
- Биринчиден, бүгүнкү күндө кандайдыр бир митинг же жөө жүрүшкө негиз болотурган жагдай жок. Митинг же жөө жүрүш бул Мискенбаев менен Фарид Ниязовдун ойлоп тапканы. Алардын асылганы эле Асылбек Жээнбековдун мандаты болуп жатат. Бирок, мындай талабы тескери реакция берип, коомчулуктун каттуу каршылыгына туш болду. Мандат тапшыруу талабы менен чыгып жаткандардын түпкү максаттары ашкере болду, бул жөн гана шылтоо экени билинди. Асылбек Жээнбеков 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП үчүн бир эле райондон 36 миң 700дөн ашуун добуш алып берген таасирдүү саясый фигура. Партия да анын кадыр-баркын эске алып астыңкы тизмеге алып чыккан. Азыр болсо жөнөкөй депутат. Жогорку Кеңеш президентке баш ийбеген бийлик органы жана мандат тапшырууга мыйзамдар деле жол бербейт. Ал киши эл алдында берген убадаларын аткарып жатат. Андыктан анын мандатын эч ким тартып ала албайт.
- Апрель баатырлары 7-апрелдеги митингди колдойбу?
- Мен 7-апрелде үй-бүлөлүк башкарууга каршы туруп, октон жалтанбаган далай жигиттер менен пикир алыштым. Алардын баары тынчтыкты гана каалайт. Анын үстүнө президенттин ишке киришкенине аз гана убакыт болду. Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу деген жок. Муну чыгаргандар өздөрүнүн артындагы калбырынан коркуп жандалбастап жатат. Ошол эле Мискенбаевдин коррупцияга аралашканы тууралуу конкреттүү фактылар бар. Аны белгилүү себептерден улам убактысы келгенде чыгарабыз.
Булак: NazarNews.kg