www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле "Салам, Кыргызстан" көрсөтүүсүнүн жабылышы тууралуу "КТРКнын" директору Илим Карыпбеков жар салган. Бул жаңылык чыккан соң, көрсөтүүнүн акыркы эки чыгарылышы куудул айымдарсыз тартылып, Санжар Мыкыев жалгыз алып барганына кечээ күбө болдук.
Окуянын башкы себепчилери Назира Жетигенова жана Гүлжайна Атаканова берүү учурунда этикалык көрүнүштүн чегинен чыгып кетишкендери үчүн эфирден алынышкан.
Бул тууралуу Гүлжайна айым: "Бул кептер боюнча чекит коюла турган күн келет. Азыркы тапта гастролдук сапарларым менен жүрөм. Чыпалак баатыр жана Клара Алибекова менен өзүм сүйлөшөм. Алардын "аброюбузга шек келтирди" деп таарынышкандарын байкаган эмесмин. Биз алып баруучу болгон соң, эфир сыртында режиссёр эмне десе, ошону аткарабыз. Көрсөтүүнүн режиссёру "кам санабагыла, кайра эле чыгышыңар мүмкүн" деп жатат. Ал күн да келээр"- билдирди.
Маржан Назарбаева,
Булак: NazarNews.kg