www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында "Яндекс" такси кызматы ишин баштаганы жалпыга белгилүү. Яндекс такси- Кыргыз Республикасында толук кыргыз тилинде жергиликтелген колдонмосу менен биринчи эл аралык таксини онлайн-буйрутмалоосу болуп эсептелет. Бул кызмат 2017-жылдын ноябрынан баштап, Бишкекте иштей баштаганы менен акырын айрым былыктары чыга баштады. Көрсө, аталган кызматы мамлекетке салык төлөй тургандыгын ЖК депутаты Улугбек Ормонов ачыкка чыгарды.

- Улугбек мырза, сиз Жогорку Кеңештен “Яндекс” интернет таксинини кызматынын мүчүлүштүктөрүн айтып чыктыңыз эле...

- Чындыгында унаага буйрутма берүү оңой, онлайн кызматы аркылуу гана иш жүргүзөт. Мурдагыдай диспетчерге чалуунун кереги жок: Яндекс такси автоматтык түрдө колдонуучунун турган жерин аныктап, буйрутманы барынан тез келе ала турган айдоочуга жөнөтөт. Унаанын жакындаганын түз эле колдонмо шаардын картасынан көрүүгө болот. Бирдиктүү тариф колдонулат: Ар бир километрдин баасы – каттамдын башталышынан 10 сом. Ошондуктан кардарлардын көпчүлүгү бул таксиге ооп кеткендигин айтпай кетүүгө болбойт. Андыктан булардын элге көрсөтүп жаткан кызматы боюнча эч кандай талап же нараазычылыгым жок. Булар өздөрүн артыкчылыктарын көрсөтүп шаардыктарга такси чакыруу жеңилдикке туруп, тез арзан кызмат көрсөт алышты. Бирок, аталган кызматка Кыргызстанда кызмат көрсөтүп жаткандан кийин атайын шарттарына кызыгып көрсөм, бүгүнкүгө күнгө чейин бир дагы жолу мамлекеттин казынасына салык төлөбөгөн. Мындай маалыматты салык кызматына жөнөткөн каттын негизинде алдым. Ал тургай салык кызматынын тизмесинде жок экен. Таксистер, аталган таксистин ишканасы кайсы жерде экенин билишпейт. Алар: “Бизге код берген, терминалга барып акчаны төлөйбүз. Ар бир кардардан 10% акча алынат”, деп айтышты. Баарыбызга белгилүү болгондой, бир таксист күнүнө 2 миң сомдон кем иштебейт, 2 миң сомдон кем иштеген таксистке киреше түшпөйт. Анын чыгашасы көп, күйүүчү майы, машинанын тейлөө жактары...

- Учурда канча “Яндекс” такси кызматы бар экен?

- Бүгүнкү күндө 6 миңге жакын тейлөө кызматы бар экен. Алты миңди экиге көбөйткөндө чоң сумма чыгат. Мындай тейлөө кызматын уюштургандан кийин шаарда атайын офисин ачып, мамлекетке салыгын төлөсө, буларга эч ким эч нерсе дебейт. Тилекке каршы "Яндекс" такси кызматы виртуалдуу болуп жатат. Эч ким акчанын кайда кеткенин билбейт. Жетекчилигинин көзүн дагы көргөн эмес. Бул маселе өтө орчундуу. Ошондой эле салык органдарынын бул жаатта, тыкыр иштебегендиги ачыкка чыгып калды. Биз аталган кызмат боюнча дагы Жогорку Кеңеште карайбыз. Көрсө, “Яндекс” такси бизге чейин, Казакстанга келген экен. Аларга ал жерде иштөөгө тыюу салган.  

- Анда аталган такси кызматы мындан ары борбордо иштебей калабы?

- Албетте, алар өздөрүнүн офисин ачып, мамлекеттке салыгын төлөп кызматын кыла берсин, ага карышылык көрсөткөн эч ким жок

- Рахмат.

Эске сала кетсек, “Яндекс” такси айдоочулар менен түздөн-түз иштебейт, таксопарктар жана диспетчердик кызматтары менен гана кызмат көрсөтөт. Буйрутмаларды бөлүштүрүүдө колдонмо колдонуучулардын баалоолоруна жана алынган сапарлардын сатистикасына негизделген айдоочунуну рейтингин эске алат. Бүгүнкү күндө Ошто ушул кызматка жети өнөктөш таксопаркаттардан 900дөн ашуун автоунаалар туташылган. Акысыз "Яндекс" такси колдонмосу iOS жана Android үчүн жеткиликтүү. Биргелешкен "Яндекс" сегиз өлкөнүн 300 шаарында иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости