Кубанычбек Абдисалам уулу орусиялык Абдулрахман Махажиев менен беттешет
Спорт  |   |  790

Бүгүн, 1-октябрда кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу орусиялык Абдулрахман Махажиев менен беттешке чыгат. Беттеш Бахрейнде BRAVE Combat Federation турниринин алкагында өтөт.

Кубанычбек Абдисалам уулу акыркы жолу өткөн жылдын декабрь айында беттеш өткөргөн. Ал Гран-При Berkut Young Eagles-2019 турниринин жеңүүчү саналат.Мекендешибиздин атаандашы Абдулрахман Махажиев ММАда 9 ирет беттеш өткөрүп, анын бешөөсүндө жеңилген. Ал эми Кубанычбек Абдисалам уулу 14 профессионалдык рингге 18 жолу чыгып, анын 15синде жеңишке жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями