www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган улуулардын терең акылы, көсөмдүгү жаштарыбыз үчүн көөнөрбөс сабак болуп жатканын белгиледи.

"Биз кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап сыйлаган элбиз. Мындан ары да калкыбыздын ушул нускалуу каада-салтын, элибиздин өрнөктүү жөрөлгөсүн, улуттук ар-намысыбыздын өзөгүн бекем сактоого милдеттүүбүз. Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент элдин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатышканы үчүн терең ыраазылык билдирди. Аны менен бирге чың ден соолук, бактылуу жашоо, дөөлөттүү карылык каалап өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости