www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков бийликтегилерге чукул кайрылуу жасады.
Мекенибиз Кыргызстандыктарга
Кыргыз Республикасынын Президентине
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине
КАЙРЫЛУУ
"Азыр бүткүл дүйнө жүзү боюнча эң чоң көйгөйгө айланган коронавирус оорусу, тактап айтканда COVID-2019 жүрүп жатат. Анын ичинде Германияда дагы бар. Мен бир айдан бери Германияда даарыланууда элем. 2020-жылдын 20-мартында Стамбул аркылуу Кыргызстанга учмакмын. Тилекке каршы Турцияга рейсти токтотуп коюшту. Менин дарылануум дагы бүтүп жаткан, апрель айында дагы келип “мини-операция” кылдырмакмын. Москва аркылуу кеткенге аракет кылып жатам. Бирок кечээтен бери Россия дагы жабылды деген маалымат берилип жатат.
Италияда эле бир суткада 500гө жакын киши бул оорудан каза болду. Алардын көбү жашы боюнча 60тан ашкандар. Австрия, Италия, Болгария, Венгрия, Польша, Словакия сыяктуу Европа мамлекеттеринин көпчүлүгү жабылды. Бүгүнтөн баштап Германияда дагы жабылды. Штутгарт, Мюнхен, Франкфурт, Ганновер шаарларына мурда келип жаткан учактар дагы келбей калды. Заводдор, “Мерседес” баш болуп, мамлекеттик ишканалар, мектеп, бала-бакчалар жабылды. Тамак-аш сатылган дүкөндөрдө кээ бир шаарларда тамак азыктары калбай баратат. Дарыканаларда маска, “антисептический препараттар” да жок. Андан сырткары тамак-аш коопсуздугу болсун деп, иш токтоп калбашы үчүн жана жумушсуз калышпасын деген ой менен Германияда чакан ишканаларга, өзгөчө айыл-чарба продукциясын өндүрүшүн жасап жаткан фермерлерге эч кандай проценти жок эле материалдык жардам берилип жатат. Ишканаларга салыктарын кичине азайтып жатышат. Саламаттыкты сактоо жагына дагы көп көңүл бөлүнүүдө.
Россия күчтүү мамлекет катары өзүлөрүнүн жарандарын Аэрофлот авиакомпаниясы менен чыгарышууда. Россиянын Өкмөтү, Президенти чара көрүп бул жактагы элчилиги күнү-түнү иштеп, авиа-өкүлчүлүгү дагы жакшы иш алып барып жатышат.
Тилекке каршы биздин учактар Европа мамлекеттерине учпай калганына көп болду. Ошондуктан Россиянын бийлиги менен сүйлөшүп биздин жарандарды дагы алып кетишсе жакшы болмок.
Ошондой эле Украинанын Президенти Владимир Зеленский ири бизнесмендер менен сүйлөшүп, аларадын каржылоосу менен учактарды жиберип, Европадан жана башка коронавирус көп болуп жаткан мамлекеттерден өзүлөрүнүн жарандарын чыгарып кетип жатышат. КМШнын жарандарынан Германиянын медицинасы жакшы деп кеткилери келбегендер дагы бар.
Биринчи кезекте биздин Өкмөт, бийлик дагы өзүлөрүнүн жарандарын ойлоп чара көрүшү керек эле. Мен угуп, көрүп жатам Кыргызстандан көп каттамдар токтоп калды. Турцияга, Иранга, Кытайга, Индияга, Арабия, Дубайга, Россиянын бир топ шаарларына, коңшу Казахстанга, Өзбекстанга каттоо токтоду. Тилекке каршы биздин экономикабыз төмөн. Өкмөт Европадай ишкерлерине жардам бере албайт. Короновируска каршы боло турган санитардык маскалар Кыргызстандан тезирээк чыгарылса жакшы болор эле. Кийим тиккен ишканалар дагы ишин токтотуп жатат деп угуп жатам. Алар маска тигип баштап, арзан баада сатылса элге-журтка жакшы болор эле.
Жана ошол эле маалда кыргыз элиме кайрылаар элем, дүрбөлөң кылбай, өзүбүз дагы чара көрүп, бала-бакыраны карайлы. Тилекке каршы, Кыргызстанда дагы коронавирус оорусу катталды деген маалымат чыкты. Саламаттык сактоо министирлиги берип жаткан сунуштарды аткарып, көп чогулуштарды азайтсак.
Бийлик өкүлдөрүнө кайрылаар элем Президентке, Өкмөткө, Жогорку Кеңешке биринчи кезекте чек арада кызмат кылгандарга, медициналык кызматкерлерге көңүл бөлүп, каражат бөлүп берип, айлыгын эки-үч эсе көтөрүп, керектүү техникаларды берип, коопсуздугуна дагы көңүл бөлсө. Себеби доктурларды да сабаган фактылар бар, жолдон келе жаткан тез жардамды өткөрбөй койгон учурлар кездешпей койбойт. Элчиликке тапшырма берип канча киши башка өлкөлөрдө бар, канча киши калды жана канча киши кеткиси келип жатканын билишсе. Тышкы иштер министрлиги ишин күжүрмөндүүлүк менен алып баруусу зарыл болуп турат.
Бүт дүйнө жүзү бул оору менен күрөшүп жатат. Кыргыз эли-журтубуз мындай оор заманда бир үй-бүлөөдөй, бир туугандай болуп бирикчү элек. Башыбыздан мындан жаман Экинчи дүйнөлүк жана Ата-Мекендик согуштарды деле өткөргөнбүз. Бирок бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып келгенбиз.
Мен Матраимов мырзанын үй-бүлөөсүнө, шайлоого барам деген бизнесмендерге дагы кайрылаар элем, кыргызстандык жарандарды өз мекенине кайтып келишине жардам көрсөтүшсө жакшы болот эле. Бийлик дагы жардам бере алчу жарандарыбызды чогултуп көмөк көрсөтүшү керек. Тез чара көрбөсө элдин чыгымы көбөйүп жатат. Бул дүйнөлүк ооруга баарыбыз бирдикте туралы деп мен кайрылат элем.
Бул жактын медицинасы кандай жакшы болсо дагы элиме, жериме жетким келет. Карантинге жатып чыксам дагы бала-бакыра, үй-бүлөөмдү көрүп, элим менен болсом дейм. Аман-эсен болуңуздар элим журтум. Мен Сиздерге алыста болсом дагы ысык саламымды айтам. Мен дагы Кыргызстанымдын абасын жутуп, суусун ичкенге, үйүмө, мекениме кайтканга болгон аракетимди жасап жатам.
Элиме аман-эсенчилик, бекем ден-соолук, ынтымак, кайраттуулук, туруктуулук жана бакубат жашоо кааалап, урматтоо менен Кубанычбек Исабеков", - деп жазган кайрылуусунда.
Булак: NazarNews.kg