www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус кыргыздарга жукпайт деген Арстан Алай NazarNews.kgге эмне үчүн кыргыздарга илдет жуккандыгы боюнча айтып берди. Анын сөзүн төмөндө өзгөртүүсүз беребиз:

“Коронавирус 3 түрдүү адамдарга жугат:

1. Динге берилип кеткендерге жугат. Анткени алар кыргызчылыкты унутуп, адамдыктан чыгып калып, арабташып ажыга барып келишкен.

2. Техникага жабышып алгандар коронавирус менен ооруйт.  Мисалы, телевизор көрүп эшикке чыкканда баш ооруп, каңгып калат. Мына ушундан илдет аларга жугаарын билсе болот.

3. Инь-Яндар ооруйт. Булар курсак үчүн гана жашап, майда түйшүктөргө жаралган.

Ал эми кыргыздарга, 15 жашка чейинки балдарга оору жукпайт. Себеби, чыныгы кыргыздар динге кирбейт. Чыныгы кыргыздар калыс, чынчыл жана динден алыс болот. 15 жашка чейинкилерде эмоция жок. Анан аялдар эркектерге караганда аз ооруйт. Эркектер эмоцияга жакын келишет, сабырсыз, ошон үчүн эркектерге кыргын келди дейт. Эмне кылыш керек дегенде эркектер аял сыпатка өтүп, мээримдүү болуш зарыл.

Мага коронавирус жукпайт, анткени мен өзүм вирусмун, энергиямын. Мен чыныгы кыргыздарды коронавирустан сактап келе берем, аалымдын буйругун аткара берем”,-дейт өзүн Кудай деп жарыялаган Арстан Алай

Булак: NazarNews.kg

Последние новости