www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-март күнү Жогорку кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев жакын таанышы да 12-мартта Умрадан келип, көп адам менен учурашканын парламенттин жыйынында билдирди.

Анын билдиргенине караганда, анын таанышын 17-март күнү гана карантинге алышкан. "Менин жакын таанышым Умрага барып 12-мартта келген. Азыр телефон чалып сүйлөшсөм "үйүмө бүт баары келишкен, учурашышкан" деп айтты. Кечээ кечинде аны "Ак-Кемеге" алып барып жаткызышыптыр. Азыр баары аралашып кетти. Европада ушинтип тоготпой жатып азыр коркунучтуу аймак болуп калды. Бизде дагы ошондой тоготпогондой мамиле болуп жатат. Ушул боюнча жакшылап карабасак болбойт", — деди Абжалиев.

Эске сала кетсек, бүгүн 18-мартта Кыргызстандын аймагында коронавирустун биринчи учуру катталды. Анда 13-март күнү Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости