www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда үч адамдан коронавирус аныкталганын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.

Аталган үч адам 12-мартта умраданда келишкен. Алар Сауд Аравиянын рейси менен келип, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна кетишкен.

Депутат Акылбек Жапаров дагы умра сапарына барып келгендердин бири. Ал бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

“16-20-февралга чейин Умра сапарына барганым чын. Бирок келээрибиз менен баардык текшерүүдөн өтүп, 2 жума үйдө жатып анан коомчулукка чыкканбыз. Биз барган учурда Кыргызстандан жана арап өлкөлөрүндө дагы эч кандай вирустун ызы-чуусу каттала элек болчу”-деп айткан депутат.

Учурда коронавирус чыккан Жалал-Абад облусунун Сузак районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости