www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине чукул кайрылуу жасады.

"Урматтуу депутаттар!

Баарыбызга белгилүү болгондой, 2020-жылдын 2-июнунда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча  комитети “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизүү боюнча депутаттардан сунушталган 9% дан 7% га түшүрүү долбоорун жана депутаттардан келип түшкөн күрөөнү азайтуу тууралуу сунушту карашты.

Күрөөнү 5 млн. сомдон 1 млн. сомго түшүрүү сунушу Бекешев Д., Маматалиев М. тарабынан жана күрөөнү 10 млн. сомго көтөрүү, шайлоонун жыйынтыгы менен акчаны кайрадан кайтарып бербөө процедурасы тууралуу Сыдыгалиев Н. тарабынан  сунуштар түшкөн.

Жыйынтыгында, сунушталган 9% дан 7% га түшүрүү долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Ал эми күрөөнү 5 млн. сомдон 1 млн. сомго түшүрүү сунушу колдоо тапкан жок.

Жогорку Кеңеш тарабынан Регламент бузулганын баса белгилегим келет,  себеби 9% дан 5% га түшүрүү мыйзам долбоорун мөөнөтүнө жараша өз убагында карашкан эмес.

2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоо өтүшү белгилүү. Парламент татыктуу программасы бар партияларга, жөндөмдүү, тажрыйбалуу, билимдүү депутаттарга муктаж болууда. Чөнтөгү калың эмес, эл арасынан суурулуп чыккан, жакшы программасы бар жөнөкөй жарандарга дагы барып элдин-журттун оорун жеңил кылып, туусун бийик көтөрө турган эр-азаматтарга дагы мүмкүнчүлүк берүү керек. Ошондуктан 9% дан 5% га түшүрүү долбоорун кабыл алыңыздар. Андан тышкары күрөөнү 5 млн. сомдон 1млн. сомго түшүрсөңүздөр.

Күзгү шайлоо таза, мыйзамдын чегинде жана тынчтыкта өтүүсү керек", - деди Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости