www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 4-июнда интернет айдыңында чек арада тополоң башталды деген видеотасма тарады.

Видеотасманын маалыматына таянсак, тажик менен кыргыз суу талашып, сохтуктар менен дагы чыр башталган.

NazarNews маалымат агенттиги Мамлекеттик чек ара кызматына аталган видеотасма боюнча байланышканда, мекеме чек ара тынч экенин айтып, эки тарап урушпаганын билдирди.

“Эки тарап урушкан эмес. Ал чыр Сох районунун тургундары өздөрү ич ара урушкан. Аталган район бизге карабагандыктан, ал боюнча эч кандай комментарий бере албайбыз”,-деп чек ара кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалдан 15 жаран жаракат алганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.

Сох району кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан. Аталган райондун жашоочуларынын басымдуу бөлүгү тажик улутундагылар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости