www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-июнда жаңы өкмөттүн алдында сүйлөп жатып, Александр Лукашенко постсоветтик мейкиндиктеги - Молдова, Грузия, Литва жана Өзбекстандагы кандуу окуяларды эскерди. Ошол эле учурда ал Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун мисалын келтирди.

«Биз балдарыбыз жашай турган өз мамлекетибизди түздүк. Бүгүн аны коргой турган учур болуп жатат. Коргоо зарыл. Көрдүңөрбү, алар бизди бөлүп-жарып жатышат. Кайгырууну көрө элек жалгыз постсоветтик өлкө. Айрым беларустарга бул алыс көрүнөт. Бизден алыс Украинада согуш жүрүп жатат, аймагынын бир бөлүгүн тартып алышты, Молдованы Приднестровье жана батыш бөлүгү деп экиге бөлүп коюшту деп ойлошот.

Горбачевдун тушунда Литвада эгемендик үчүн кандай катуу күрөш болгонун унутуп калышты. Армяндар менен азербайжандар согушуп жатканын, Грузия өз аймагынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүнөн, алгач Абхазиядан, андан кийин Түштүк Осетиядан кол жууганын унутушту. Досум [Эмомали] Рахмондун тартип орнотуу үчүн пулемет менен Душанбеге кантип кирип барганын эч ким билбейт. Анда сакалчандарга каршы күрөштө көптөгөн адам курман болгон. Мурдагы президент [Ислам] Каримов миңдеген кишини атып, Анжияндагы козголоңду басканын унутуп калышты. Кезинде баары аны айыпташкан, бирок өлгөндө тизелеп туруп ыйлашты. Биз булардын баарын башыбыздан өткөргөн жокпуз, ошондуктан айрымдар муну түшүнгүсү келбейт. Биз алардын эсине салып коёбуз», — деди Лукашенко.

Эске салсак, Беларустагы кезексиз президенттик шайлоого эки ай калганда Лукашенко премьер-министр Сергей Румасты, анын өкмөтүн кызматтан кетирген. 4-июнда анын ордуна Роман Головченко дайындалды. Ал буга чейин Мамлекеттик аскердик-өнөр жай комитетинин төрагасы кызматында иштеген.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости