www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Өкмөтү 2003-жылы 31-декабрда канадалык компания менен түзгөн жаңы келишими өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүнө багыт алган келечегине “балта чапкан” чечим болгон. Президент Аскар Акаев менен Өкмөт башчы Николай Танаевдин мындай чечими – мамлекетке жасаган чыккынчылыкка тете. Себеби, дагы үч жылдан кийин “Кумтөр” кенин башкаруу толугу менен кыргыз бийлигинин колуна өтүп, өндүрүштүк инфратүзүмдөргө кожоюндук кыла баштамак. Башкы келишимде каралган 66,67 % үлүш менен кен казып алуунун натыйжасында өлкөдө экономикалык бакубатчылыкка шарт түзүлөт болчу.

Ошол учурдагы Жогорку Кеңештин Абдыганы Эркебаев төрагалык кылган мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарынын каршылыгына карабастан Акаев өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырууга жан далбас кылган. Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикирин эске алган жок. “Өтүгүн төргө илген” Акаев Өкмөт башчы Н. Танаевдин колу менен “Центерра голд инк” компаниясына “Кумтөрдүн” байлыгын биротоло өткөрүп берген. Ошол күндөн кыргыз бийлиги өзүнүн алтын кенин башкаруудан куру жалак калган. Бул кылмыштуу келишимдин артында турган Акаев баш болгон “мафия” ушул күнгө чейин жоопкерчиликке тартылбай келе жатат.

Келишим түзөрдөн мурда Канадада катталган бул шектүү “Центерра голд” компаниясынын келечеги барбы, жокпу, кыргыз бийлигинен эч ким сураган эмес. Президент А. Акаев, Өкмөт башчы Н. Танаев компаниянын абалы менен таанышуу үчүн канадалыктардын мыйзамдык базасын, алар кандай иштешет, кен байлыктарынын жалпы абалын иликтөө үчүн биздин геолог, финансист, юрист адистерди, ошондой эле депутаттарды жибериш керек эле. Жок дегенде көз карандысыз, же өкмөттүк эксперттерди катыштырса болмок.

Анан аталган келишимдин дурус жана буруш жактарын иликтөө мен үчүн кызык болду. Үрөй учурган көптөгөн фактыларга туш келдим. “Центерра голд инк” компаниянын жалпы үлүшүнө Кумтөр кенинен башка, Монголиядагы “Бороо”, Гацуурт”, АКШдагы “Рен” кенинин үлүшү кошулганы менен, “Рен” деген кендин бар экендиги жөнүндө эч жерде далилдүү маалыматтарды таппадым. Кыргыз Өкмөтү дагы кызыгып сурап койбоптур. Мисалы, Америкада алтын казып алуучулар салыктын 7 түрүн төлөшөт экен. Анын ичинде казып алынган жерлерди калыбына келтирүүгө атайын каражаттарды бөлүшөт. Ал эми Кыргызстанда иштетилген жерлерди калыбына келтирүү боюнча канадалык “Кумтөр голд компани” компаниясы акча бөлгөнү менен анын эсеби чет өлкөлүк Лондондогу банкта экенин кийин билдим.

Ошентип, Акаевдин бийлигинин куулугу менен “Центерра голд инк” деген биргелешкен ишкана түзүлүп, Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле Өкмөт башчысы Н. Танаев мырза 2003-жылдын 31-декабрында, жаңы жылдын алдында Өкмөттүн №835-токтомуна мас абалында түн ичинде жалгыз кол койгон деген фактылар айтылып жүрөт. Себеби, келишим кийинки жылга калып кетсе, саясый кырдаал ага жол бербешин билишкен сыягы. Мына ошол күндү Акаевдин бийлиги кыргыз элинин ырыскысын уурдаган күн деп белгилесе болот. Алтын кени бар-жогу билинбеген үч кенди көкөлөтүп айтышып, дүйнөдөгү ири кендин бири болгон “Кумтөр” алтын кенине ээ болуп калышкан.

Канадалык компания менен кыргыз бийлигинин кызматташуу таржымалына сарасеп сала турган болсок, Кумтөр кенин иштетүү боюнча алгачкы келишим 1992-жылы түзүлгөн. Анан фабриканы куруу, электр энергиясын тартуу, калдык сактоочу жайлардын, жолдордун, жатаканаларынын, комбинаттын курулушу дээрлик беш жылга созулуп 1997-жылдын май айынан алтын казып алына баштаган. Демек, ал келишим он жылга түзүлүп, 2007-жылы
10-майда ишкана толугу менен Кыргыз Өкмөтүнүн жетекчилигине өтүшү керек эле. Келишимдин маңызы ушундай болчу.

Макул, канадалык шылуундар он жыл аралыгында ашыкча чыгымды көбөйтүп, таза кирешени азайтып келишсин. Бирок, 2007-жылдан баштап Кыргызстандын экономикасы 66,67% пайыз үлүш менен эбегейсиз киреше табууга болор эле да. Торонтодогу биржада катталган эл аралык деңгээлдеги компаниянын биздин өлкөбүздө, биздин пайдабыз үчүн иштеп жатышынын эмнеси
жаман? Акаев элдин жашоо-шартынын кызыкчылыгын ойлосо, мындай чыккынчылык келишимге барбайт болчу.

Эми иликтөөгө назар салыңыз, окурман. 2002-жылы Канадалык “Камеко” компаниясы “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасын реконструкциялап, инвестиция тартпайлыбы” деген сунушун Өкмөткө жолдойт. Кагаз жүзүндө ушундай. Окурмандын
бүйүрүн кызытуучу мында бир мандем бар.

Себеби, жаңы келишимдин түзүлүшүнө эң оболу кыргыздын Аскар Акаев баш болгон шумпай-жетекчилиги кызыктар болгонун баса белгилеп айта кетели. “Инвестиция тартпайлыбы” деген сөздүн артында “чогуу жебейлиби” деген кызыкчылык жатат. Тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “ушундай сунуш киргизгиле, биз колдоп беребиз” дегендер биздин коррупционер-жетекчилердин “акылы” десем жаңылышпаймын. Ошолордун түрткүсү менен келишим түзүлгөн. Анткени, алдыда 2007-жыл жакындап келаткан. Келишим боюнча канадалыктардын “Кумтөрдөн” чыгып кетишине аз калган. Ошондуктан, биздин жетекчилер аларды пайдалангысы келген. Анткени, алтын көп казыла баштады. Дүйнөлүк рынокто алтынга болгон баалар өстү. Ушундан улам, “Центерра” компаниясын түзүү аферасына кыргыз бийлиги биринчилерден болуп демилге көтөрүп чыккан. Эгерде кызыктар болбосо, анда токтотуп коёт эле да. Элди ойлогон бийлик, “бизге кереги жок, келишим боюнча иштейбиз” дешсе, ким кой демек.

Мына ушул божомолумду кийин “Кумтөрдө” он жылдан ашык жетекчилик кызматта иштеген, өз ара келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги күбөсү болгон Лен Хоменюк мырза жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тастыктап жатпайбы. Анда эмесе, Лен Хоменюктун “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен болгон маегинен үзүндү окуйлу.

«Азаттык»: Вы, наверное, ознакомлены с документами, где подробно описываются обвинения против Вас. Вам в вину ставится заключение соглашений с кыргызским правительством вразрез с национальными интересами, нанесение ущерба государству, в бытность вами главой «Камеко», «Кумтор оперейтинг» и «Центерра». Ваша подпись стоит на документах и от имени «Камеко» и от «Центерры». По версии следствия, эти соглашения противоречат интересам Кыргызстана…

Хоменюк: Правильно, я работал на руководящих должностях в «Кумторе» с 1992 по 2008 год. Я трижды участвовал в переговорах с властями Кыргызстана и при подписании соглашений. Я хочу подчеркнуть, что все это делалось по инициативе кыргыз-ской стороны. Во всех трех переговорах я принимал непосред-
ственное участие -- в 1994 и 2003 году, последний раз в 2007 году, и кстати, на тот момент Премьер-министром был Атамбаев.

Я еще раз повторюсь, все эти соглашения были подготовлены по просьбе властей Кыргызстана и они содержат их предложения. Никаких взяток не было. Во время переговоров и с кыргызской стороны, и с канадской участвовали независимые эксперты, юристы, консультанты по финансам. Кроме того, присутство-
вали представители Европейского банка реконструкции и развития, Всемирного банка. Переговоры были открытыми, каждый шаг документировался.» (Булак: «Азаттык» радиосу, 2015-жылдын 21-октябры).

Мына, окурман. Кыргызстанга кыянатчыл бийликтин жүзү. Келишимдерди кайра кароо демилгеси кыргыз бийлиги тарабынан болгонун Хоменюк мырза ташка тамга баскандай айтып жатат. Анан дагы «Центерраны» уюштуруудагы 1992-жылдагы баштапкы келишимде каралган 67% жана 33% үлүштөр боюнча журналисттин төмөндөгүдөй суроосуна минтип жооп берген:

«Азаттык»: Сейчас основные споры ведутся вокруг факта, касающегося снижения доли Кыргызстана в «Кумторе» с 67% до 33% в «Центерре». Совсем скоро после этого доля Кыргызстана еще больше снизилась. Вы верите в то, что это было сделано ради интересов Кыргызстана?

Хоменюк: Это соглашение можно обоснованно объяснить. Кыргызстан получил акции «Центерры», разрабатывающей месторождения и в других государствах. Часть акций была продана за 100 миллионов долларов. Это, видимо, быстро позабылось. Проект «Кумтор» был монетизирован для Кыргызстана, иначе говоря, разменян на ценные бумаги.

Я понимаю сегодняшнее разочарование властей Кыргызстана из-за небольшого дохода, который приносит Кумтор. Но как бы ни было, за страной всегда сохраняется право пересмотра условий разработки месторождения. Если есть какие-то спорные моменты, нарушения, обязательно есть право и пути для ис-правление ошибок...» (Булак:«Азаттык» радиосу,2015-жылдын 21-октябры).

Туура айтат, Лен Хоменюк, кенди иштетүүнүн шарттарын кайра кароого эч ким тоскоол болгон эмес. Мыйзамдын чегинде өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү бизнес үчүн кадыресе көрүнүш. Демек, Кыргыз бийлиги өлкө кызыкчылыгы үчүн сүйлөшүүгө барган эмес. Демилгенин “даамын” татып калган канадалык шылуундар “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча жаңы келишимди түзүүдө кыргыздын коррупционер бийлигинен ашып түшүп, Монголиядагы, Америкадагы алтын кендерин бетине кармашып, “ошол жактан дагы пайда көрөсүңөр” деп ал-
дашкан. Ошентип, Совет доорунда эле иликтенип, далилденген 716 тонна алтын запасы бар Кумтөр кени, Монголиянын 43 тонна алтыны бар “Бороо” жана болжолдуу 50 тоннадай алтыны бар “Га-
цуурт” кендери, Американын Невада штатындагы 30 тоннадай алтыны бар “Рен” кени жаңыдан түзүлгөн “Центерра голд инк” компаниясынын курамына кирет.

Негизи, “Центерра голд инк” компаниясы түзүлгөндө Кыргыз Өкмөтү 69 пайыз үлүшкө ээ болушу керек болчу. Себеби, Кумтөрдөгү алтындын запасы жанагы аты аталган башка кендерди кошкондо 6 эсе көп экенине карабастан, Кыргызстан 32 пайыз гана үлүшкө ээ болгон. Калган 68 пайыз үлүш канадалык ишкерлерге өтүп кеткен.

Экс-президент Аскар Акаев менен экс-премьер Николай Танаевдин кызыкчылыгынын айынан Кыргызстан аферанын барымтасында калды. Биздин өлкөнүн деги эле “Центеррага” кирүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Ансыз деле мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү эле.

“Кумтөр” кениндеги Кыргыз өкмөтүнүн үлүшүн Л. Хоменюк айтмакчы тыйынга айландырып, акцияларга алмаштырышып, кыргыз элинин энчисине тийген 32 пайыздын 17 пайыз үлүшүн Николай Танаев, Аскар Акаевдин колдоосу менен 96 миллион канадалык долларга ит бекер сатып жиберген. Ал кезде алтындын бир унцийи
300 долларга жетчү эмес. Ортомчул конторалар аркылуу саттык деген шылтоо менен, эки еврейге ортомчул кызматы үчүн 10 миллион доллар төлөп беришкен. Алардан 1 тыйын салык алынган эмес. Чын-чынына келгенде бул акчаны өзүлөрү эле канадалыктар менен бирге бөлүп алышканын бөркүңүздөй көрүңүз! Лен Хоменюктун, “Часть акций была продана за 100 миллионов долларов. Это, видимо, быстро позабылось...” деген сөзүндө кеп бар.

Ошол учурда кыргыз Өкмөтүнүн миллиондогон акцияны сатууга эч кандай зарылчылык жок болчу. Алтындын баасы төмөн болуп турган. Кыргызстандын экономикасына олуттуу зыян алып келген кырдаал жаралган эмес болчу. Ойлоп көрүңүзчү, Кыргыз Өкмөтү акциянын үлүшүн кимге сатышы мүмкүн? Албетте, ошол эле “Камекого” саткан! Демек, бирге иштеп келген компанияга ак-
цияны сатууда эки еврей брокердин эмне кереги бар эле? Айтор, “брокердик кызмат көрсөтүү” деген шылтоо менен 10 миллион долларды бөлүп жеп коюшкан. Буга Кыргыз мамлекетинин жетекчилиги өтө кызыктар экени талашсыз. Экономикалык жактан алып караганда Кыргызстан үчүн ыңгайсыз экенине карабастан, ушундай соодалашууга барышкан.

“Камеко” сатып алган акциянын эсебинен, “Центерра” 52 пайыз акцияга ээ болуп, “ханга салам бербес” монополист болуп кал-
ган. Башкача айтканда, “Центеррага” тийиштүү Монголиядагы “Бороо”, “Гацуурт”, АКШдагы “Рен” кендеринин контролдук
пакет акциясынын кожоюну болгон. Анан “Камеко” кол тийгис компанияга айланган.

Экинчиден, “Центерранын” акциясынын 8,4 пайызы (миллиондогон акциялар) кыргыздын коррупционер жарандарына берилген. Негизи эле аферанын максаты, “Центерраны” уюштуруп, 8,4 пайыз үлүшкө ээ болууну көздөө болгон. Алар кимдер болушу мүмкүн?.. Менимче, Акаев, Танаев алардын балдары жана башкалар. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, бул дагы өз учуру келгенде ачыкка чыгат деген үмүттөмүн.

Башкы прокурордун орун басары К. Асангельдиевдин жообу

Анан эми келишимге кол коюп, Кыргызстанды ири чыгашага кириптер кылган Николай Танаев эч камырабай, Россиянын экинчи борбору Санкт-Петербургда үлкөн кызматка которулуп кетти. Мен учурунда Н. Танаевге кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратурага, финансы полициясына бир нече жолу кайрылгам. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Н. Танаевге 2008-жылдын 5-февралында кызматынан кыянатчылык менен пайдалангандыгы үчүн айып тагылып, кылмыш иши козголгон болчу. Финансы полиция кызматынын тергөөчүлөрү Н. Танаевди суракка алганы менен жарытылуу иш жасай алышкан эмес. Кылмыш иши козголгондон бир айдан кийин, айыпталуучунун жашаган жери белгисиз болгондуктан, кылмыш иши токтотулган. Тагыраак айтканда, Танаевди качырып жиберишип, ушундай чечим
чыгарышкан. Андай нерсе Кыргызстанда “жөн эле” боло бербейт. Ошондо эле камап коюшканда, көп сырдын башы ачылат болчу. Мен Танаевдин маселеси боюнча учурунда Интерполго кайрылганмын.

Н. Танаев Россияга качып кеткенден кийин “Кумтөр” боюнча козголгон иши үчүн Россияда он сутка камалган. Сурак берип жаткан. Бирок, Танаевди Кыргызстанга өткөрүп беришкен жок, анткени, ал Россиянын жараны болгонго үлгүргөн. Андан кийин парламент тарап кетти. Менде мурдагыдай мүмкүнчүлүктөр болбой калды.

2004-жылдагы “Центерра голд инк” компаниясын түзүү боюнча келишимине Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарынын көпчүлүгү каршы турушкан. “Кумтөр” кенин иштетүү үчүн чет элдик банктардан алган кредиттердин жалпы суммасынын 80%дан ашыгы төлөнүп калганда, ал эми алтындын баасы дүйнөлүк рынокто болуп көрбөгөндөй жогорулаган учурда жасалып жатканын баса белгилешип, келишим боюнча сунуштарга макул болушкан эмес. “Центерра голд инк” компаниясы түздөн-түз же бир нече туунду ишканалар аркылуу “Кумтөр голд компанинин” (Кумтөр оперейтинг компани) капиталынын 100% ээси болуп калат дешип, келишимди жактабаган чечимдерди кабыл алышкан. Чынында парламентте катуу талкуу болгон. Өтө маанилүү үч токтом кабыл алынган.

Маселен, “Кумтөр” кен чыккан жери боюнча Башкы макулдашууга жана “Кумтөр” долбоорунун ТЭНине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен гана киргизилсин; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2003-жылдын 31-декабрындагы № 835 токтомун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын бузуу менен кабыл алган деп эсептелсин; Кыргыз Республи-касынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн“
Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо боюнча чечими элдин кызыкчылыктарына карама-каршы келип, мамлекетке зыян келтирээрине көңүл бөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө 2003-жылдын 31-декабрындагы №835 токтомун жокко чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Центерра голд Инк” жана “Кумтөр голд компанинин” ортосундагы Инвестициялык макулдашууга, ошондой эле бул документке байланышкан башка документтерге кол коюусун жараксыз деп тапсын; Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы үчүн көз көрүнөө пайдасыз Башкы макулдашууга тиешеси бар адамдарга карата чара көрсүн.” деген өтө маанилүү чечимдерди кабыл алышкан.

Жогорку бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилген. Тилекке каршы, мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын мээнети текке кетти. Акаев канадалыктар менен жаңы ишкананы түзүүдө мурдагы “легендарлуу” парламенттеги сценарийин кайталады. Депутаттардын сунуш-пикирин угумуш болгону менен баары бир өзүнүн максатына жеткен. Башында келишимге каршы болуп жүргөн депутаттардын айрымдары, жыл өтпөй келишимди жактап, канадалык компаниясынын “короосунан” чыкпай калгандары болду.

Мисалга алсак, ошол убактагы коммунист депутат Орозбек Дүйшеев “Центерра” боюнча келишимге ачыктан ачык каршы чыккан. Бул аксакал эмне үчүн мурдагы принциптеринен тайып, кийин канадалыктарды жактап адвокат болуп калганы түшүнүксүз.

Мына эл тараза, эл калыс демекчи, кечээ эле “Кумтөрдү жоготуп жибербейли” деп Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан кү-
пүлдөп маселе көтөрүп жүргөн Дүйшеев мырза, “Центеррага” чаң жугузбай калкалап, 15,6 пайыз үлүшкө да ыраазы болгон.

Кылымдын аферасына айланган “Кумтөр” кенинин тегерегинде ар бир чечим, ар бир билдирүү тарых алдында өз баасын алат деген ойдомун. Андагы Абдыганы Эркебаев төрагалык кыл-
ган Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын чечимдери Акаев менен канадалык шылуун ишкерлердин кызыкчылыгына каршы турган олуттуу сунуштарды берген. Анда эмесе ошол чечимдерди окуп, акыл калчап көрүңүз окурман.

Маанилүү чечимдердин бири, Жогорку Кеңештин Мыйзам
чыгаруу жыйыны 2003-жылдын 20-июнунда “Камеко Корпорейшн” корпорациясынын сунушу боюнча “Кумтөралтын” долбоорунун түзүмүн өзгөртүү жөнүндө 3 №1232 11 токтомун кабыл алышкан.

Анда, “1992-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Канаданын “Камеко” компаниясы менен Кумтөр алтын кенин иштетүү жөнүндө Башкы макулдашууга кол коюлган, анын эсептелген запасы 1992-жылдын 1-январына карата 516 тоннаны түзгөн. “Кумтөр-1” долбоорунун курулушу (запастын бир бөлүгүн ачык ыкма менен иштетүү 316 тонна техникалык-экономикалык негиздеменин (ТЭНдин), эсеп-кысабы боюнча АКШнын 276 миллион доллардын ордуна АКШнын 452 миллион доллары жумшалган.

“Кумтөр-1” долбоору боюнча кен чыккан жердин курулушу 1996-жылдын акырында аяктаган. 1997-жылдан 2002-жылга чейин 115,8 тонна алтын казылып алынган. 2003-жылдын 1-январына карата ТЭН-95 боюнча алтын ачык иштетүүнүн запасы 130 тоннаны, жаңы программа боюнча – 97 тоннаны түзгөн. Алтын кенин казып алуу долбоордогу кубаттуулуктан озуу менен ыкчам жүргүзүлгөн, ушундан улам казып алуу кызматынын мөөнөтү 6–8 жылга кыскартылган. Бул долбоордогу иштердин абалын талдоо төмөндөгүлөрдү көрсөтөт:

Кыргыз тарапка карата алганда, Башкы макулдашуунун шарттары башталышында эле майнаптуу болгон эмес. Муну 2-чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан
түзүлгөн депутаттык комиссия белгилеген. Ал республикада
алтынды казып алууну өнүктүрүү маселелери боюнча иш жүр-
гүзгөн.

Кыргыз тарабы үчүн долбоордун пайдасыздыгы Башкы макулдашууну түзүү учурунда белгиленген – бул металлды эмес, дивиденддерди бөлүштүрүү болуп, мында “Кумтөр голд компани” биргелешкен ишканасын башкаруудан кыргыз тарабы четтеп калган. Кенди иштетүү жана ишкананын финансылык иши Башкы макулдашууга ылайык “Камеко” “Кумтөр оперейтинг компани” туунду фирмасына толук бойдон өткөрүлүп берилген.

2002-жылдын сентябрында “Камеко” компаниясы “Кумтөр алтын” долбоорунун түзүмүн өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш менен кайрылган. Аталган сунушту иликтөө “Камеко” компаниясы кыргыз тарабынын кызыкчылыгына
тиешелүү түзүмдү өзгөртүүнүн финансылык жана юридикалык маселелерин жеткиликтүү эмес иштеп чыккандыгын көрсөттү.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Респу-бликасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Канаданын “Камеко корпорейшн” корпорациясынын ортосундагы “Кумтөр” кен чыккан жери боюнча Башкы макулдашууга жана “Кумтөр” долбоорунун ТЭНине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен гана киргизилсин;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үстүбүздөгү жылдын сентябрында “Кумтөралтын” долбоорун жүзөгө ашыруу менен байланышкан иштер жөнүндө кеңири маалымат берсин;

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Н. Т. Танаев 2003-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын парламенттик угуусунда кабыл алынган сунуштардын аткарылышына контролдукту күчөтсүн;

Тийиштүү маселелер боюнча ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Курулуш, кен байлыктар, транспорт жана коммуникация боюнча комитетине (И. Д. Кадыр-беков), Бюджет жана финансы комитетине (М. А. Султанов), Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитетине (И. И. Иса-ков) жүктөлсүн” деген токтом жарык көрөт.

Бирок, Кыргыз Өкмөтү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомун каакы ордуна көрбөй, өз билгенин жасай берген. Ал эми Өкмөттүн кайдыгерлигине карата Жогорку Кеңеш дагы тийиштүү чара көрө алган жок.

Арадан толук бир жыл өткөндөн кийин, тагыраагы, 2004-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны “Камеко корпорейшн” корпорациясынын сунушу боюнча “Кумтөр-алтын” долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө” Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны-
нын 2003-жылдын 20-июнундагы З №1232-11 токтомун “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бузгандыгы жөнүндө” З № 1694–11 токтомун кабыл алат.

Анда эмесе назар салыңыз, окурман. З № 1694-11 токтомдо:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Камеко корпорейшн” корпорациясынын сунушу боюнча “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2003-жылдын 20-июнундагы З №1232-11 токтомун 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугусуз бузуп, Инвестициялык макулдашууну жактыруу жөнүндө № 835 токтомун кабыл алган.

Бул макулдашуу боюнча Торонтодо (Канадада) катталган “Центерра голд инк” компаниясы түздөн-түз же бир нече туунду ишканалар аркылуу “Кумтөр голд компанинин” (Кумтөр оперейтинг компани) капиталынын 100% ээси болуп калат. Мына ушулардын бардыгы кредиттердин жалпы массасынын 80%тен ашууну төлөнүп,2004-жылдын 1-апрелине карай төлөнө турган 98 миллион АКШ доллары калып, ал эми алтындын баасы дүйнөлүк рынокто болуп көрбөгөндөй жогорулаган учурда жасалып жатат.

Эсептөөлөр мындай реструктуризациялоонун натыйжасында республика жүздөгөн миллион АКШ долларын жоготуп, Кыргызстан “Кумтөр” кенин контролдобой кала тургандыгын көрсөтүп отурат.

2003–2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны “Кумтөрдөгү” алтын жөнүндөгү маселени үч жолу караштырды. “Кыргызстандагы алтын казып алуунун өнүгүшүнүн келечеги, “Кумтөр-l” долбоору боюнча республиканын экономикасына салым” маселеси боюнча 2003-жылы 16-апрелде өткөрүлгөн парламенттик угуу 20дан ашуун пункттан турган сунуштарды кабыл алган, алардын көпчүлүгү аткарылбаган бойдон калууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Курулуш, жер казынасы, транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин, Мамлекеттик коопсуздук ма-
селелери боюнча комитетинин жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси менен өткөрүлгөн 2004-жылдын 11-февралындагы парламенттик угуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары бузулгандыгын белгилеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы № 835 токтомун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу 1694-жыйынынын 2003-жылдын 20-июнундагы “Камеко корпорейшн” корпорациясынын сунушу боюнча “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө” З № 1232-11 токтомуна
карама-каршы токтом катары жокко чыгарууну сунуш кылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү парламенттин, коомчулуктун ой-пикирин этибар алган жок. Ал токтом бүгүнкү күнгө чейин жокко чыгарылган эмес.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы “Кыргызалтын” АКсынын жетекчилеринин Башкы макулдашуу биздин мамлекет үчүн көз көрүнөө пайдасыздыгы жөнүндөгү билдирүүсүнө карабастан, бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү чаралар көрүлгөн жок.

Жогоруда айткандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны токтом
кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2003-жылдын 31-декабрындагы № 835 токтомун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын бузуу менен кабыл алган деп эсептелсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо боюнча чечими элдин кызыкчылыктарына карама-каршы келип, мамлекетке зыян келтирээрине көңүл бөлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө 2003-жылдын 31-декабрындагы №835 токтомун жокко чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Центерра голд Инк” жана “Кумтөр голд компанинин” ортосундагы Инвестициялык макулдашууга, ошондой эле бул документке байланышкан башка документтерге кол коюусун жараксыз деп тапсын.

–2003-жылдын 16-апрелиндеги жана 2004-жылдын 11- февралындагы парламенттик угуулардын сунуштарын аткаруу боюнча кыйшаюсуз чаралар көрүлсүн;

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын башчылыгы алдында “Кыргызалтын” АКсынын каражаттарынын эсебинен чет өлкөлүк эксперттерди тартуу менен “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо эл аралык экспертизадан өткөрүлсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына:

2004-жылдын иш планына “Кумтөр голд компани” (Кумтөр оперейтинг компани) биргелешкен ишканасы иштеген бүткүл мезгилиндеги ишин текшерүү киргизилсин;

–“Кыргызалтын” АКсы таза пайданын эсебинен – дивиденд катары алган (6 млн.) жана менеджмент катары алган (3,9 млн) 9,9 миллион долларынын пайдаланышын текшерсин.

6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы үчүн көз көрүнөө пайдасыз Башкы макулдашууга тиешеси бар адамдарга карата чара көрсүн.

Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Курулуш, жер казынасы, транспорт жана коммуникация боюнча комитетине (И. Д. Кадырбеков), Бюджет жана финансы комитетине (М. А. Султанов), Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитетине (И. И. Исаков) жүктөлсүн» деген олуттуу токтомду кабыл алышып, коомчулукка добулбас кагышкан.

Албетте, бул токтомду дагы Кыргыз Өкмөтү тоготкон эмес. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын чечимдери учурдун талабын жактап, күрөө-тамырын кармап турганы менен эмнегедир токтомдун 6-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы үчүн көз көрүнөө пайдасыз Башкы макулдашууга тиешеси бар адамдарга карата чара көрсүн» деген талаптары орундалбай калды.

Башында катуу маселе коюп келген депутаттар маселени аягына чыгарууга эрки жетпеди. Анткени, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорду ишке ашыруу ар бир бийлик бутагынын милдети болчу. Алар өз укугунан толук пайлана алышкан жок. Эгерде, ошол учурдагы мыйзам чыгаруу жыйыны бекем принципке турганда, келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөп түзүлөрү бышык эле. Жоопкерчилик жүктөлгөн Жогорку Кеңештин 3 комитети, бакыйган үч депутат-жетекчилери кон-тролду аткарууга эмне аракет кылышкан жок деген суроолор
туулат.

Ошентип, өлкөнү башкаруучу үч бутагынын бири болгон Жогорку Кеңеш Кыргыз Өкмөтүнө тили өтпөй кала берди. Же болбосо А. Акаев баш болгон Өкмөт башчысы Н. Танаевдин командасына чара көрүүнү каалашкан жок. Бирок, мен өз принцибимден тайган жокмун. Н. Танаев кол койгон № 835 токтомду мыйзамга каршы келет деп, аны жокко чыгаруу боюнча Премьер-министрге бир нече ирет кайрылуума жооп болбогондуктан, Өкмөттү сотко бергем.

Негизи Н. Танаев түзгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча парламентте маселелер каралып келген. Жалпы жонунан 5 токтом кабыл алынганы менен мурунку-кийинки бийликтин Өкмөтү тоготуп койгон эмес. Маселен, 2004-жылы июнь айында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы “Центерра” долбоорунан чыгуу жана 1992-жылдагы макулдашууга келүү боюнча Өкмөткө милдеттендирип, Башкы прокуратурага 2003-жылдагы Кыргызстан үчүн пайдасыз, мыйзамсыз келишимге кол койгон жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо тапшырылган. 2005-жылы Мыйзам чыгаруу палатасы үчүнчү токтомду кабыл алып, 2003-жылдагы келишимге кол коюуда Өкмөт өз укугунун чегинен аша чаап кеткенин, мыйзамга туура келбейт деп белгилешкен. 2012-жылдын 27-июнундагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын төртүнчү токтомунда, 2003-жылдын 31-декабрындагы кол коюлган инвестициялык макулдашуудан чыгууга Өкмөткө тапшырма берип, Башкы прокуратурага келишимди иштеп чыккандарга жана аны кабыл алган жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо маселесин койгон. 2013-жылдын 21-февралында Жогорку Кеңеш “Кумтөр” кенине карата бешинчи токтомун чыгарып, “Центерра” долбоорунан чыгууга Өкмөткө тапшырма берген. Тилекке каршы өлкөдөгү башкаруу бийлигинин бир бутагы болгон Жогорку Кеңештин токтомдору аткарылбай кала берди.

Кубанычбек Исабеков, экс-депутат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости