www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-4 чакырылыштарынын депутаты, вице – спикери Кубанычбек Исабеков NazarNews маалымат агенттигинин журналисттин опузалаган эки милиция кызматкери тууралуу КРнын ИИМдин министри Кашкар Жунушалиевге Кайрылуу жасады.

Кубанычбек Исабековдун Кыргыз Руспубликасынын Ички Иштер Министирине  жасаган Кайрылуусу төмөнкүчө:

"Урматтуу Кашкар Астаканович!

Азыркы кезде, өзгөчө коменданттык саат убагында коомчулук так жана айкын маалыматтарга зар болуп турган маал. Өлкөбүздө Конституциянын негизинде сөз жана маалымат эркиндиги бар. ММКдан окуп, мени кабатырландырганы - Ысык-Ата районунун ИИБнин кызматкерлери 2020-жылдын 9-апрелинде суук маалда сырттан NAZARNEWS маалымат агенттигинин журналисти Сталбекова Жаңылайды опузалап, өздүгү такталган документтерин көргөзбөй сурак жүргүзгөнү. «Россиянын маалыматын чыгарбагыла» деп талап койгондорун кандай түшүнсө болот?

Ал тургай «Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз» деп Президентибиз Сооронбай Жээнбеков кайталап келет. Кыргызстан ал мамлекет менен бирге КМШ, ШОС, ОДКБ, Бажы союз уюмдарынын мүчөсү. 700000 ашык биздин жарандар Россияда иштеп, билим алып жүрүшөт. Республикабыздын экономикасы жана келечеги дагы ал мамлекет менен тыгыз байланышта.

Ага кошумча аталган маалымат агенттигинин журналистин «азыр камакка алышым керек» деп коркуткандарына жол болсун! Өзгөчө кырдаал маалында коомчулукту дүрбөлөңгө салган жалган маалыматтарды, улуттар аралык чыңалуу жараткан чагымчылдык, мамлекеттин коопсуздугуна каршы материалдарды тараткандарды жоопко тартуу мыйзамдарда каралган.

Ал эми атактуу Россиянын РИА Новости каналы 23-мартта укук коргоо органдарынан алган маалыматка ылайык, Италиядан келген 18 жашар кыздын газга ууланып көз жумганын маалымдаган. Бул факты боюнча NAZARNEWSка чыккан чакан маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодесинин 128-беренеси (Адамдардын ден соолугуна кооптулук түзгөн жагдайлар жөнүндө маалыматты жашыруу же бурмалоо) боюнча катталганы түшүнүксүз. Сурак иштерин жүргүзүү боюнча дагы тартип мыйзамда толук көрсөтүлгөн. Мүмкүн бул жаш офицерлер Калыков Дастандын жана Пузин Вячеславдын тажрыйбалары аздык кылгандыр.

Бүгүнкү оор күндөрдө коронавируска каршы күрөштө суукка чыдап, үй- бүлөөсүнөн алыста, кемчиликтерге жана ар кандай кыйынчылыктарга карабай, күнү-түнү баатырлык менен өз кызматтарын элибизге көрсөтүп жаткан врачтарга, милиционерлерге, аскерлерге, ӨКМдин жана карантин кызматкерлерине баарыбыз чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Ошол эле маалда ИИМдин негизги милдети – жарандарыбыздын укугун жана коопсуздугун коргоо да. Жумушуңар оор экенин билебиз. Бирок, «бир карын майды – бир кумалак бузат» болбой, милициянын аброюна шек келтирбөө - ар бир кызматкердин милдети эмеспи. Жумурткадан кыр издөөнүн кажети барбы? «Чырдын азы жакшы» дегендей, аталган маалыматты тезинен так мыйзам чегинде иликтеп, чечим кабыл алынса жакшы болоор эле. Ысык-Ата районунун ИИБинин жана NAZARNEWS агенттигинин жетекчилери жолугушуп, каршылашпай, тескерисинче кызматташса деген ойдомун. Бул маселе боюнча аксакал-юрист, офицер катары, мен дагы жардам берүүгө даярмын.

Урматтоо менен Кубанычбек Исабеков", - деген кайрылуусунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости