www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жек Ма” фонду жана “Алибаба” компаниясынан келген гуманитардык жардам карантиндик чөлкөмдөгү көбүрөөк муктаждыктар бар болгон жайларга бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн министрликте атайын комиссия түзүлгөн.
“Кытайдан коргоочу костюмдар, бет кап, кол кап ж.б. түрүндө келген гуманитардык жардамды 200 даанадан таңгакталып, Ноокат, Сузак, Ала-Бука райондоруна, Ош жана Жалал-Абад шаарларына жөнөтүлдү” – деп билдирди Мадамин Каратаев.
Ал учурдан пайдаланып, жардам көрсөткөн Кытай ишкери Жек Мага ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, “Жек Ма” жана “Алибаба” фонддору Кыргызстанга 1,8 миллион юандык гуманитардык жардам көрсөткөн.
Булак: NazarNews.kg