www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атпай журтка белгилүү болгон, “бульдозер” ылакабынын ээси Азимбек Анаркулов Бажы кызматынын төрагасы, кадимки эле Кубанычбек Кулматов, чет элдин жараны экендигин “Унчукпай койгонго укугум жок - 2” китебинде жазып чыккан экен.

Төмөнкү далилдерди Бекназаров, экс-президент Алмазбек Атамбаевге жазган Кайрылуу катындагы пикирин айрым жерлерин окурмандарга үзүндү келтирели.

Досум, сиз мага "кара пиарды  экөөбүздүн телефондон сүйлөшкөнүбүз ачыкка чыккандан кийин 2010-апрель айында баштадыңыз. Ошондо телефондон "400 миң долларды алып, революциядан кийин эл кууп жиберген, Бакиевчи болгон Ош бажы башчысын кайра кызматына дайындапсыңар" дегеним чын экенин турмуш далилдебедиби. Аны дайындаган К.Кулматовду чет элдин жараны экенине карабай өзүңүз сактап жүрөсүз. 400 миң доллар берип, кайра келдим деп Сооронбай Жээнбековдун оозун ачырган ошол бажы кызматкерин К.Кулматов сактап, дагы деле алар иштешип жүрүшпөйбү. Буга эмне дейсиз? Ал азыр деле иштеп жүрөт...  

Менин Бишкектеги "эки-үч участогумду", "Швейцариядагы үйүмдү" "ушак" кыла бербей, документтери менен көрсөтүп жазбайсыңарбы. Бийликте олтурасыз, табып аныктасаңар сизге же ошол гезиттерге, интернет сайттарына же "курама кулаалылардын" бирине нотариус аркылуу өткөрүп берейин...

«Нур-Суфра» кафеси 10 жылдан бери Бекназаровдуку экен делип жомок болуп келе жатат. Ээси Жайчыбеков Жылдызбек деген Аксылык, сизди колдоп жүрген жигиттердин бири. Бирөөлөрдүн менчигин мага жабыштырып, коомдук пикир түзүүнүн чеги болуш керек, ишенбесеңиз аны да текшертиңиз. Жаныш Бакисв текшерткендей. Сиздин 9 этаж форумуңуздун, "Автомаштын" сүрөтүн тартып Бекназаровдуку десе деле карапайым эл ишене берет, бирок элдин карапайымдыгынан пайдаланып ойногонду токтотуу керек, Кудай алдында күнөө болот.

Акырында айтаарым, оор тарыхый күндөрдө чогу жүргөн, тарыхый жоопкерчиликти бирге моюнга алган, бизге ишенип "достор" деп бизди ээрчиген элди сыйлап, урматтап, сизге өчөшүп майдалангым келбейт.

Үч жылдан бери Бакиевдер кеткендсн бери башкы душманыңыз мен болуп калдым. Мен өмүр бою кайсы биийликке барба сизди колдоп, унчукпай эле жүрбөйүмбү, кимибиз кимибизге эмне жакшылык кылдык, эл билет. Өзүңүз да билесиз. Сизден корко турган менде эч нерсе жок. Азырынча душмандарга күлкү, эл арасында уят болууну, досчулук, жигитчилик эмне экенин ыйык туткан адам катары чыдап келем. Мен сизди аяганым менен сиз мени аябай келе жатасыз. Ар нерсенин чеги болот. Эгерде мен сиз жөнүндө айтсам эмне болорун өзүңүз жакшы билесиз. Жеңүүчү болбойт, анткени экөөбүз тең эл алдында эки дос катары уят болобуз. Сиз тарапта бийлик, байлык болсо, мен тарапта факты, чындык, бар досум, деп жазган Азимбек Бекназаров китебинде.

Баарынан орчундуусу Кубанычбек Кулматовдун жарандыгы ким болду экен? –деген суроо жаралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости