www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат, «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаевдин 17-мартта президент С. Жээнбековго жана анын иниси А. Жээнбековго карата билдирген кайрылуусу орунсуз болуп калганы аны коомчулуктун колдоого албай, тескерисинче Мискенбаевдин аракетин сынга алган пикирлердин көп болуп жатканынан эле байкалууда. Ошондой пикирлердин бирин Апрель революциясынын баатыры, коомдук ишмер Расул Умбеталиев да билдирген.  

«2018-жылдын 17-мартында жалпы Кыргызстан боюнча 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында болуп өткөн трагедиялуу окуяда каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Аксы окуясынын 16 жылдыгына байланыштуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 17-мартында Кыргызстан элине кайрылуу жасады.

«Ушул күнү Аксы окуясында курман болгон  жана жарат алган мекендештерибиздин каармандыгын эскеребиз. Аксы окуясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхына демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары кирди. Эзелтен эркиндикти туу туткан элибиз өлкөбүздө кландык башкарууга жол бербестигин ачык-айкын далилдеди».

Ошол эле күнү мамлекет башчысы Аксы жана Апрель трагедиялуу окуяларында курман болгондордун эстелигине гүл коюп, аларды эскерди.

«Аксы окуясы биздин мамлекеттин тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. 2002-жылы дал ушул жерде авторитардык бийлик куралсыз элге ок аткан трагедиялуу окуя болуп өткөн. Алар тышкы душмандардын колунан эмес, өзүнүн бийлигинин огунан каза табышкан. Жеке кызыкчылыктарын элдин кызыкчылыгынан өйдө коюу менен ал бийлик өзүнүн чыныгы жүзүн, өзүнүн кара ниеттигин көрсөткөн», - деп билдирди премьер-министр Сапар Исаков 2018-жылдын 17-мартында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында Боспиек айылында.

Ошол эле күнү «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да Аксы окуясынын жана Апрель окуясынын курмандыктарын эскерүүгө арналган иш-чара жана жыйын өткөрүштү. Анда «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев жыйындын катышуучуларына жана президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу окуду:

«Алмазбек Атамбаев тарабынан башталган коррупция жана уурулук менен келишкис күрөштү улантууну талап кылабыз. Элди саткан жана Бакиевдерге адамдарды өлтүрүүгө жардамдашкандарды кызматтарга дайындабоону талап кылабыз. Күчтүү, бирдиктүү жана эркин Кыргызстанды курууга багытталган А. Атамбаевдин курсун улантууну талап кылабыз. Депутат Асылбек Жээнбеков эгерде анын агасы президент болуп калса, анда өзүнүн мандатын тапшыра турганын убада кылган. Бирок, биз билгендей ал аны кылган жок. Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу тууралуу түрдүү кептер болбошу үчүн ал депутаттык креслону ташташы керек болчу. Биз өзүнүн үй-бүлөсүн бийликке тарткан эки президентти көргөнбүз. Үчүнчүсүнө жол бербейбиз. Жээнбеков өзүнүн туугандарын бийликке жолотпогон Атамбаевден үлгү алышы керек».

Эмнеге жыйын? Башкы докладчы Мээрбек Мискенбаев жана докладчылар-теңтөрагалар - «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинен Маралбү Биянки жана «Эр-Теги» коомдук бирикмесинен Айчүрөк Камаевалар – өздөрүнүн кайрылууларын окушту жана иш-чаранын катышуучулары жыйындын резолюциясы үчүн добуш беришти.

Эмнеге эскерүү иш-чарасы? Трагедиялуу окуялар тууралуу документалдуу фильм көрсөтүлдү, каза болгондорго куран окутулду, эстеликтерге гүл коюлду, кыргыз боз үйлөрүндө эскерүү дасторкону жайылды.

Эмнеге Апрель окуяларында каза болгондор боюнча эскерүү иш-чарасы өтүүдө? Кыязы, масштабдуулукту көбөйтүү жана коомдук жыйындын маанилүүлүгүн арттыруу үчүн болсо керек», - дейт ал.

Ырасында эле ошондой аракет жасалып жатканы байкалууда. Болбосо, апрель окуясы боюнча эскерүү иш-чараларын өткөрүү ансыз деле апрель айында башталат эмеспи.

Р. Умбеталиев мына ушундай коомдук уюмдар 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин козу карындай жайнап кеткенин белгилейт. «Алардын көпчүлүгү Апрель окуяларынан кийин эле Убактылуу өкмөттүн жетекчилери жана УӨнүн аппаратынын начальниктери тарабынан айрым саясый, экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүдө «торпедалоо» үчүн, ал эми кээде тар, керт башынын кызыкчылыгы үчүн кызыкчылыктарды жүзөгө ашырууга түзүлдү», - дейт ал.

Анан дагы анын айтымында УӨнүн отставкасынан кийин деле айрым бирикмелер президенттик администрациянын жана өкмөттүн жогорку кызматтардагы айрым чиновниктери менен «кызматташууну» уланта беришти. «Коомдук уюмдардын төрагалары жана мүчөлөрү кызматтарды, батирлерди, жер тилкелерин алышты, балдар бакчаларына, мектептерге, орто жана жогорку окуу жайларына жайгаштыруу жана туруктуу материалдык, финансылык жардамдарды алышты», - дейт Умбеталиев.

Бул айтылгандарда калет жок. Анын ачык эле мисалы, эч кандай «Эмгек китепчесин» ача элек М. Мискенбаевдин Жогорку Кеңешке депутат болуп келишин айтсак болот.

Ал эми Мискенбаевдин ЖК депутаты А. Жээнбековдун депутаттык мандатын өткөрүп берүү талабы боюнча мындай дейт: «КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков буга чейинки эки чакырылыштагы эл өкүлү болгон. 2016-жылы апрелде КР ЖК спикери Асылбек Жээнбеков өз каалоосу менен бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков КР премьер-министрлик кызматка дайындалганына байланыштуу отставкага кеткен. Бул отставканын негизги себеби дал ошол үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болбошу үчүн болгон. Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жакындарын жана туугандарын мамлекеттик бийликтин «чокусуна» чыгарбай турганын бир нече жолу жогорку деңгээлде билдирген. Мамлекет башчысы 2018-жылдын 17-мартындагы өзүнүн Кыргызстан элине кайрылуусунда дагы бир жолу үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербестигин боюнча катуу чечимде экенин бекемдеди», - дейт.

Ал эми Асылбек Жээнбековдун эгерде агасы президент болуп калса, анда өзүнүн мандатын тапшыра турганы айтканы боюнча эч кандай расмий убадасы же билдирүүсү жоктугун айтат. «Балким, Асылбек Жээнбеков Мээрбек Мискенбаевге жеке жана оозеки түрдө убада кылгандыр, бирок бул таптакыр мүмкүн эмес», - дейт ал.

Ал эми 7-апрелде М. Мискенбаев 10 миң адамдан турган митинг өткөрө турганы тууралуу маалымат боюнча мындай дейт: «Эгерде ошондой өтө көп сандагы жарандарды чогулта алса дагы, анда андай элдин массасын башкаруу өтө татаал жана өтө кооптуу. Себеби коомдук уюмдардын мүчөлөрүнүн өздөрүнүн ичинде да террордук топтордун мүчөлөрү же жөн гана психикалык жактан жабыркаган жарандар болуп калышы мүмкүн.2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу, трагедиялуу окуянын катышуучулары көптөгөн миңдеген сандагы митингчилер башкарылбай тургандыгын эстейт жана эч качан унутпаса керек», - дейт Умбеталиев.

Ырас, бул айтылган кептерге ынанбай коюуга мүмкүн эмес. Чындыгында ар кандай митингде, өзгөчө көп сандагы адамдардын катышуусундагы митингде ар кандай кырдаал жаралып кетиши мүмкүн. Анын үстүнө бул митинг атайылап уюштурулуп жатканы да белгилүү. Эл буга өздөрү чыгып аткан жери жок. Атайылап уюштурулууда. Мурдагыдай бийликке нааразы боло турган да себеп жок. Демек, эгерде бул митингде кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер, кооптуу жагдайлар түзүлө турган болсо, анда уюштуруучу катары Мискенбаев керт башы менен жооп бериши керек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости