www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
DF - анкета
Толук аты жөнү: - Маматалиев Марлен Абдрахманович
Туулган жылы, айы күнү: - 1981-жыл, 24-март
Туулган жери: - Бишкек шаары
Үй-бүлөлүк абалы: - 4 кыздын атасы
Баалаган саясатчысы: - Исхак Раззаков, Черчилль
Салмагы: - 78 килограмм
Хоббиси: - Спорт жана ат минүү
Билген тилдери: - Кыргыз, орус, англис жана түрк тилин билет.
Кечээ жакында мандатын колуна алып парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын катарын толуктаган депутат Марлен Маматалиев 37 жашта. Мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө тарбияланган жаш депутат тууралуу айта турган болсок, мурунку вице-премьер министр Абдырахман Маматалиевдин уулу. Коомчулукка биз бүгүн анын бейнесин ачып берүүнү туура көрдүк.
—Марлен Абдрахманович, балалыгыңыз кайда өткөн?
—Бишкек шаарында төрөлүп чоңойдум, аны менен катар атамдын жумушуна байланыштуу Ош шаарында дагы бир аз убакыт жашаганбыз. Бишкектеги үйүбүздүн жанында «Илбирс» деген машыктыруучу спорттук жай бар эле. Ошол жерден кичинемден спорттун самбо түрү менен машыгып спортко жакын болуп өстүм.
—Мектепте жалаң «5» деген баа менен окугансызбы?
—Ооба, мектепти жакшы окудум. Түрк лицейинде окуп жүрүп, кийин Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жайынын алдындагы лицей ачылып калып которулуп келгем. Конкурс аркылуу тандап алышкан. ЖОЖго тапшыраарда атам: «Мен Политехте окудум эле, сен да окусаң жакшы болмок»-дегенинен ошол жакты тандап, «Маалыматтык башкаруу» факультетин аяктагам. Кийин экономикалык окуу жайдын каржы тармагын бүтүрдүм. Эки кесиптин ээсимин.
—Сизди багып чоңойткон ата-энеңиз жөнүндө токтоло кетсеңиз?
—Атам Абдрахман Маматалиев убагында бир нече мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ошол эле учурда апам экөө бизге татыктуу тарбиясын берип өстүрдү. Азыр ардактуу эс алууга чыгып, ишкердик чөйрөсүндө жүрөт. Апам Айнагүл Таирова учурда Жогорку Кеңеште кыргыз-тили боюнча адис болуп эмгектенет.
—Курулуш тармагында жүрөсүз. Курулуш жаатында менеджер болуп иштөө кыялыңыз беле?
—Менин кесибим курулуш тармагына таптакыр туура келбейт. Экономика министрлигинде иштеп жүрүп чет өлкөгө чыкканда ушундай үйлөрдү биз качан курабыз дей берчүмүн. Кудай буйруса кыялым азыр четинен орундалып келе жатат. Мен курулуш тармагына кийинчерээк гана келип калдым.
—Кандай күйөө баласыз?
—Мен Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна күйөө баламын. Кандай күйөө бала экенимди кайын журтуман сураганыңыз туура го… (күлүп)
—Жубайыңыз менен кантип таанышып калгансыз?
—Мен жеке жашоом тууралуу жарыя кылганды жактыра бербейм. Келинчегим Маматалиева Мээрим экөөбүз 4 кызды татыктуу тарбиялап келебиз. Мээрим азырынча бала менен үйдө. Ошолордун тарбиясы, мектеби, бала-бакчасы менен алектенүү жубайымдын милдети. Мен ансыз да күнү-түнү жумуштамын, жубайым да кетип калса болбой калат го. Таанышканыбыз тууралуу айтсам, Бишкек шаарынын мектептеринин биринде, «Мектеп сулуусу» деген сулуулар сынагы өтүп жатыптыр. Дос баламдын чакыруусу менен сулуулар сынагына көрүүчү болуп барган элек. Ошол сынакка келинчегим дагы катышкан, мен ошол жерден көрүп жактырып калгам десем болот. Ал учурда тааныша албай калып, кийин дарегин таап үйүнө барып жолугуп таанышкам. Азыр ал күндөрдү эстеп күлүп калабыз.
—Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты болуп келип ант бердиңиз. Сүрдөдүңүзбү?
—Ооба, сүрдөдүм. Ант берип жаткан трибунанын бир топ сүрү бар экен. Эми ант берип, эл кызматын аркалайм деп келгенден кийин, эл үчүн аракетимди жумшайм.
—Саясатка келишиңизди атаңыз, экс- вице-спикер Абдрахман Маматалиев кандай кабыл алды?
—Жогорку окуу жайды бүткөндө атам мени социалдык фондго ишке орноштуруп койду. Ошол эле күнү: «Уулум, мен сени окуттум, үйлөндүрдүм. Кудайга шүгүр үй-жайың бар. Мына жумушка да орноштурдум. Мен аталык милдеттеримден кутулдум. Эми калганын өзүң улантып кетишиң керек»-деп айткан. Кудайга шүгүр калганын өзүм чечип келе жатам. Ал эми кайсыл тармакта иштебейин атамдын кеп-кеңешин сөзсүз угам.
—Динге мамилеңиз өтө түз экенин билем. Депутат катары кыз-келиндерибиздин паранжы жамынып жүргөнүнө көз карашыңыз кандай?
—Кыз-келиндердин чүмкөнүп жүргөнү бул арабдардын салты. Кыргыздын не бир сонун кийимдери бар. Ошолорду эле кийип жүрүшүн каалайт элем. Арабдардын аба-ырайы, салты таптакыр башка. Туура, шарият боюнча кыз-келиндер ачык кийинбеш керек. Кыргыздын деле кылым карыткан салтында кыз-келиндер эч качан ачык жүргөн эмес, ошол кийимдерди бүгүнкү заманга шайкеш кылып кийип чыксак неге болбосун?..
—Экинчи аял алуу темасы коомдо кызуу талкууланып жатат?..
—Дин жаатынан алганда каршылык жок. Биздин мыйзам алкагында бул туура эмес. Биз светтик мамлекетте жашайбыз.
—Кайрымдуулук кыласызбы?
—Сөзсүз түрдө жасайм. Бирок, мен жасаган кайрымдуулугумду эч качан жарыя кылган эмесмин. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жасап келгем жана жасай берем.
—Китепти көп карайсызбы же интернеттиби?
—Заманга жараша интернетти көп карап, ал жактан маалымат алып турам. Бир топ убакыттан бери эртең менен куран китебин жана хадистерди окуп турам.
—«Саясатта достук болбойт, кызыкчылык гана болот» деп айтылат эмеспи. Бүгүн дос болуп жүргөндөр эртең сатып кетиши мүмкүн дегендей. Сиз буга даярсызбы?
—Даяр элемин. Саясатта көбүнчө жигиттик эмес, кызыкчылык болоорун абдан жакшы билем. Өзүм жөнүндө айтсам, мен саясатты чыныгы жигиттик менен жүргүзгөнгө аракет жасайм.
—Өлкөнүн диний мамлекет болушун каалайсызбы же светтикпи?
—Учурда Малайзиянын ыкмасы мага жагып жүрөт. Демократиялуу башкаруу бирок ошол эле учурда дин дагы эркин колдоого алынган. Артка кеткен эски жашоого кайтып жашайлы деген түшүнүк менен эмес, динди учурдагы жашоого ылайыктап пайдаланышат.
—Айылда жашайт белеңиз?
—Мага айылдын таза абасы, жөнөкөй адамдары абдан жагат. Кээде убакыт болуп калганда жайлоодо боз үй тиктирип жашасам дейм. Баардык шарт түзүлсө эмнеге болбосун. Мүмкүнчүлүк болуп калса сөзсүз айылда жашамакмын.
Сезим Мураталиева
Булак: Де-факто