www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн дем алыш күндөрү Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалар жана шаар коомчулугу жапырт ишембиликке чыгышып, айлана-чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерине катышышты. Жалпы наркы 117,9 миң сомдук көлөмдө иштер аткарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жарыяланган үч айлыкты уюштуруу жана өткөрүү штабынан билдиришти.
Алынган маалымат караганда, шаарда уюштурулган ишембиликтерге 137 мекме-ишканалар, ар кайсы коомдук уюмдардан 3 миңге жакын киши катышкан. Баары болуп 400дөн ашуун түп бак көчөттөрү отургузулуп, 127 тоннадан ашуун ар кандай таштандылар жыйналган жана чыгарылган. Он чакырымдык сел арыктар жана арыкчалар тазаланып, сел жана суу ташкынынын коркунучун алдын алуу иштери жүргөн. Андан сырткары, ишембиликтин катышуучулары 440 даана бак-дарактарды акташкан. Коомдук жайлар шыпырылып-тазаланып, санитардык тазалоо иштери алып барылган.
-Шаардагы эмгек жамааттары ишемби сайын өздөрүнө караштуу аймактарда, ошондой эле коомдук жайларда тазалоо, жашылдандыруу иштерине активдүү катышып жатышат. Эми бул иштер 1-июнга чейин уланып, шаарда көп көлөмдөгү иштер аткарылат деген үмүттөбүз, - дейт шаар мэриясынын сектор башчысы Миргүл Эгемова.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы март, апрель, май айларында шаарды тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үч айлыгын жарыялап, аны уюштуруу жана өткөрүү боюнча шаардык штабдын курамын бекиткен.
Булак: NazarNews.kg