www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов кайрадан Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Сурак саат 15:00дө башталганын «Азаттык» радиосуна КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

18-майда Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган, кийин үйү тинтүүгө алынып, мүлкү камакка алынган. Бир нече УКМКга сурак берип чыккан.

Тергөө маалыматтарына караганда, ал 2014-жылы калаанын башчысы болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экени айтылууда.

Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эместигин билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости