www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук комитети Айбек Калиев менен Осмонбек Артыкбаевди 6-июнда беттештирип суракка алат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Артыкбаевдин адвокаты Айжан Орозакунова билдирди.
“Материалды жайылтууда коомдук пикирге таасир тийгизүү жана чыныгы иштин абалын бурмалап берүү максаты көздөлгөн” деди жактоочу.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев 18-апрелде шектүү катары кармалган жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, -20 градустан ашкан суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган.
Буга чейин Калиевдин адвокаты ЖЭБдин реконструкциясы боюнча долбоорду Калиев эмес, Артыкбаев сүрөгөнүн айтып, экөөнү беттештирүү зарылдыгын айткан.
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев мурда энергетика министри болчу - деп билдирди Азаттык.
Булак: NazarNews.kg