www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖКнын депутаты Таабалды Тиллаев Милал жүрөк хирургиясы фонду тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Белгилей кетсек, аталган фонд 2011-жылдан бери жүрөк оорусу менен жабыркаган кыргызстандыктардын дарылануусуна көмөк көрсөтүп, бүгүнкү күнгө чейин 100 баланын операция жолу менен айыгуусуна жардам берген.
Иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөгөн депутат Таабалды Тиллаев Милал жүрөк хирургиясы фондунун президенти Ли Жонг Жеге жана уюмдун Бишкектеги менеджери Чой Мин Кёнго Төрага Дастанбек Жумабековдун атынан да ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык катын тапшырды.
Ошондой эле депутат Кыргыз Республикасы менен Түштүк Корея Республикасынын ортосундагы ар тараптуу алакалар жылдан-жылга өнүгүп келе жатканын токтолуп: “Алсак, саламаттыкты сактоо тармагындагы тыгыз кызматташтыгыбыз жүрөк ооруларынан жабыркаган балдардын айыгуусуна өбөлгө болуп, эки элдин бекем достугун калыптандырууга түрткү берүүдө”, – деди.
Заманбап технологиянын жардамы менен өнүгүп жаткан корей медицинасы Кыргызстан үчүн үчүн чоң үлгү экенин да айткан Таабалды Тиллаев фонддун жетекчилигине жана жамаатына ийгиликтерди каалады.
Кошумчалай кетсек, салтанаттуу иш-чарага дартынан айыккан балдар, алардын ата-энелери жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары да катышты.