www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрадан суракка чакырылган Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов атайын кызматтын имаратына саат 15.00дө кирип, 3 жарым сааттан кийин чыкты. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди. Кулматов чыккандан кийин журналисттерге УКМКдан Биринчи май райондук сотуна баратканын айтты. Бул тууарлуу Азаттык билдирди.

Кулматовго 18-майда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган, үйү тинтүүгө алынып, мүлкү камакка алынган. Ал буга чейин да УКМКга бир нече жолу суракка чакырылган.

Тергөө Кулматов 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экенин маалымдаган.

Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эместигин маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости